Милиция кызматкерлерине башкача мыйзамдар пайдаланылабы???

добавлен 12 июля 2012 17:06
просмотров 783

 

 

 

Сот реформасын көзөмөлдө боюнча жарандык кенештин коомдук кабылдамасына Жолдошбек Исаков деген  Сокулук райондогу Шоро айылдын тургуну кайрылды.  1 жылдан  бери дартынын азабы менен бирге акыйкатсыздыктын кайгысын тартып келет.

Иштин мааниси: 2011 жылдын 8-апрелинде Исаковдун бир тууганы машине айдап бара жатып Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн  кызматкерлеринин  унаасы менен сүзүшүп  алган. Натыйжада кызматкерлердин сураган 30000 сомунан баш тартканы учун, иниси катуу токмоктолуп, өзү жүрөк тушка ок жеген.

Бул факт боюнча Сокулук райондук прокуратурасы адам өлтүрүүгө атайлап кол салган деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Соттук териштирүүсү:

Бул иш сотто бир нече жолу каралып  (ар кандай себептер менен соттук териштирүүлөр жылдырылып) 16.02.2012 жылы   Сокулук райондук соттун судьясы Б.Ж. Дуйшеналиев  соттолучу  Момбеков Афтандилдин жактоочусу Н.А. Давлетбаеванын  өтүнүчүн канаттандырып ишти кайрадан тергөөгө жиберди.  Мындай чечимин сот алдын ала тергөөдө  соттолучунун Д. Боталиевти сабаган фактысы боюнча иш аракетине  баа берилген эмес,  деп негиздеген. Бирок тергөө жүргүзгөн прокурор бул фактыны өзүнүн айыпкер катары  жоопкерчилике тартуу токтомунда бардыгын так изилдеп, көрсөткөн.

28.05.2012 жылы Чуй областык сотунун кылмыш жана административдик укук бузулар иштери боюнча соттук коллегиясы К. Токтомамбетов., Б.Батырканов, У.Султаналиев бул ишти карап Сокулук райондук сотунун чечимин бузуп кайрадан ошол эле сотко башка курамында каралсын деп аныкташкан. Жабырланучу соттолучуну баш коргоо чарасын камака алуу жөнүндө өтүнүч келтирген. Бирок, жабырлануучунун өтүнүчүн сот канааттандырган жок.

Бүгүнкү күнгө чейин бул иш Сокулук райондук сотуна кайра кароого бара элек.

P.S.  Эгерде адам өлтүргөнгө аракет кылган айыпкер ички иштер органдарынын кызматкери болбогондо,  анда эбак эле камака алынмак.....

Система Orphus