Бейбаштык боюнча протокол түзүүнүн негиздери бардыгы үчүн бирдейби?

добавлен 22 сентября 2022 16:45
просмотров 410

 

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда төрага кылуучу судья Сатарбек уулу Мирбек "Укук бузуу жөнүндө кодексинин" 126-беренеси менен С. М.  карата  ишин карады.

15-сентябрь күнү Биринчи Май райодук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери рейд жүргүзүп, Логвиненко-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде паркта уктап жаткан турукту үйү жок жаранды кармап сотко алып келген.

Судья айыптоолучунун укук жана милдеттемелери менен тааныштырды, адвокат сунуштады. Айыпталаган адам адвокаттан баш тартты. Өтүнүчтөр болгон жок, дароо ишти кароого өттү. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы өткөргөн рейдтин негизинде С.М. 126-берене боюнча (Майда бейбаштык) кармалган.  Протоколго үйү жок, коомдук тартипти бузган, табигый муктаждыктарын белгиленбеген коомдук жайларда аткарган (справлял нужду)  деп  кодекстен алып жазышкан. Жана ошондой эле парктан алып келингени да көрсөтүлгөн.

Милиция: "Бүгүн рейд жүргүздүк, ошол жерде жашаган элдерден арыз түшкөн, С. М. ошол паркта жашайт, ошол жерде стройкада иштейт. Бир нече жолу, бул жерге жашаба деп эскерткенбиз, бирок ошол паркта турукту жашагандыгынан алып келгенбиз" деп билдирди. 

Прокурор: “Булар тегерек четти булгап атат деп айтып жатасыз, бул бала булгаганын кантип аныктадыңар? ”

Милиция: “Бул турукту ошол жерде жашайт, тамак жейт, анан ошол жер булганат да”- деп жооп айты.

Прокурор: “Арак ичкенби, сөгүнгөнбү?”

Милиция: “Жок арак ичпейт, сөгүнгөн эмес”.

Судья: “Ал коомдук тартипти дайыма бузуп турат, муктаждыгын системалуу түрдө бошотот деп айтып жатасынар, ошол нерсени өз көзүңөр менен көрдүңөрбү?”

Милиция: “Жок бул баланын сөгүнгөнүн көргөн эмесбиз,  муктаждыгын бошотот дегенибиз, үйү жок болгондуктан ошол паркта эле жүрөт”

Судья: "С.М. сизди кармап атканда эмне кылып аттыңыз эле?"

С.М.:  “Рейд жүрүп атканда мен паркта уктап аткам, мени ойготуп эле алып келишти. Мен арак ичпейм, мурун эжем менен жашачуумун, азыр өз тиричилигимди алыма жараша жасап жүрөм. Жумушка ошол жерден алып кетишет, жумуштан кайра ошол Лев Толстой көчөсүнө келебиз”- деди.

Прокурор: “Силер жумуштан кийин ушул жерге келет экенсиңер, эми күз келди эмне кыласыз?”

С.М.: “Азыр жакшы жумушка илиндик, эми достор менен квартирага чыгабыз, кичине иш жокто байланыштуу квартирадан чыгып кетүүгө мажбур болгонбуз”.

Судья иштеги кагаздарды карап чыкты.

Прокурор, иштеги кагаздары, участковыйдын билдирүүсүн угуп, бул жерде курам жок, кыскартып берүүңүздү суранам деп сотко кайрылды. Милиция кызматкери прокурор менен маакул экенин билдирди. С.М.  кечирим сурап,  мындай иш кайталанбасын айтты.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Сатарбек уулу Мирбек "Укук бузуу жөнүндө кодексинин" 126- беренесине ылайык С.М. укук бузуу жасабагандыгына байланыштуу ишти кыскартты.

P.S. Участковыйлар укук бузуу жөнүндө кодесинин 126-беренесин көчүрүп протокол түзө беришеби?

 

Бул иш-чара/бул басылма АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан «Смарт Жаран» Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жарандык мейкиндикти бирге кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланган/ каржыланган. Бул жерде айтылган пикирлер, корутундулар жана корутундулар же сунуштар авторлорго таандык жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Smart Zharan ассоциациясынын көз карашын чагылдырбайт."