Ротация болгондон кийин Кадамжай райондук сотунда мониторинг

добавлен 24 мая 2022 14:57
просмотров 732

 

 

2022-жылдын 17-май күнү Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна мониторинг жүргүзүлдү. Буга чейин аталган райондук сотунда 5 судья иштеген. Алар: Ажиматов Улан Абдыкаарович төрагалык кызматында, Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич, Момбаев Жанибек Пахридинович, Шаназаров Карабай Кожомбердиевич, Тажибаев Иляз Курбанбекович судьялык милдетин аткарып келишкен. Ал эми жогоруда ысымы келтирилген судьялар, КР Президентинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 141-жарлыгына ылайык ротацияланган. “Мындан максат соттордун жумушунда туугандык, достук жана башка жакын мамилелер себептүү жумушуна карата кыянаттык менен мамиле жасоону алдын алу. Мындай ыкма судьялардын ишин дагы да илгерилетүүгө аларды чечимдерди чыгарууда адилеттүү болуусуна да шарт түзөт”,- деп билдирди аталган райондук сотунун бөлүм башчысы Джанеков Женишбек Ишенбекович.

КР Президентинин ушул эле жарлыгы менен Кадамжай райондук сотуна жаңыдан дайындалып, Нармырзаев Марклен, Асылбашев Данияр Куванычбекович, Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович, Абжалбек кызы Зарина которулуп келишти. Жаны төрага Нармырзаев Марклен Алтынбековичтин айтымында жумушка жаңы киришип жаткандыктан өзү да жана судьялар да иш материалдары менен танышып, андан кийин  сот отурумдары дайындалышын, ошого байланыштуу жумуш графиги илинбегенин билдирди. Ал ошондой эле сот имаратында кемчиликтер болсо алар да акырындк менен жоюлуп, жарандарга мыйзамдуу чечимдерди чыгарууда талыкпай эмгектенебиз деп айтты.