Сот балдарды өз атасы менен калуусуна чечим чыгарды

добавлен 04 апреля 2022 12:12
просмотров 592

 

 

2022-жылдын 31-март күнү Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында КР ЖКнин 326-беренеси боюнча жарандык иши каралды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Ишти кароо саат 14:00 гө белгиленип, бирок прокурордун кечигип келгенине байланыштуу саат 14:19 га башталды. Судья сот отурумунун жүрүшүндө ишке байланыштуу Жарандык актыларды каттоо бөлүмүнөн келип түшкөн документтер менен тараптарды таныштырды.  Андан кийин жактоочуга сөз берилди.

Судья жарыш сөзгө өтүүнү жарыялады. Төрагалык кылуучу документтер менен танышып, тараптарды угуп, ишти негизсиз башка күнгө жылдыруудан пайда жоктугун айтып, жарыш сөзгө өтүүнү билдирди. Жарыш сөзүндө  доогер жана прокурор өз пикирин билдирди. Судья тараптарды угуп кеңешүүчү бөлмөгө өттү. Кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып, судья доогердин өтүнүчүн канааттандырып, никеден ажыратуу чечимин кабыл алды. Ал эми балдар өз атасында калтырылып, Орусияда жүргөн апасы менен сот тарабынан белгиленген убакытта жолугуп туруусуна уруксат берилди.