Баткен облустук сотунда кызматкерлердин орой мамилеси

добавлен 07 марта 2022 10:16
просмотров 602

 

 

2022-жылдын 3-март күнү Баткен облустук сотуна мониторинг жүргүзүлдү. Байкоочу сот имаратына барган учурда судьялар жана башка кызматкерлер Бишкек шаарында өтүп жаткан съездге кеткени маалым болду. Байкоочу бөлүм башчыны сурап кайрылган учурда кызматкерлерден бири байкоочууну таныбастыгын, бул жерде ал эч нерсеге жооп бере албастыгын айткан. Байкоочу кайрадан: “Ушундай чоң сот имаратында бир адам жоопкер болуп калган жокпу?”,- деп сураганда, кызматкер «Сен не кыласың өзү, көрүп турасын биз иштеп жатабыз. Мен сени биринчи жолу көрүп турам», -деп ачууланып жооп кайтарган. Бирок ал кызматкерди байкоочу буга чейин жасаган мониторингтерде бир эмес бир канча жолу көргөн. Мындай орой жана түшүнүксүз жасалган мамилелер Баткен облусутук сотунда биринчи жолу эмес. Мында кызматкерлердин орой мамилелери тууралуу биз буга чейинки макалаларыбызда жазып келгенбиз.