Чуй облусунун Чуй райондук сотунда мониторинг журду

добавлен 04 февраля 2022 19:43
просмотров 550

 

 

2022-жылдын 2-февраль куну Чуй облусунун Чуй райондук сотунда  мониторинг жургузуглгон. Байкоочу кенседен сотто иштеп жаткан судьялардын тизмесин сураганда, терс жооп алды.

Кенседен чыгып байкоочу сот процесске кирди.

 Судья  Шаршеева А.Ч.  кароого белгиленген соттук иштеринин тизмеси илинген, бирок кайсыл берене  боюнча иш каралып жатканы жазылган эмес.  Бул  КР Жогорку соттун Төрагасынын 2013-жылдын 12-февралындагы № 14 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманын талаптарынына туура келбейт. Биз бул боюнча жазганбыз. Байкоочу  мониторинг кылган процесс саат 14:00 белгиленген, бирок, 19 мунот кечигип башталды.  Сот залына мамлекеттик айыптоочу, жактоочу, жана айыпталуучу С.Т. келген.  Судья айыпталуучуну анын укук- милдеттери менен таныштырып кетти.  

Иш манызы: 2021-жыллын 7-сентябрь куну, саат 12 чамасында Токмок шаарынын Мээнткеч айылынын тургуну С. Т. уйундо тинтинуу жургузуунун жыйынтыгында белгисиз заттар табылган. Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык изилденген заттар 22,805 грамм  марихуанна бангизаты жана 0,752 грамм чайыр каннабис деп тастыкталган. Бул аракеттер менен С. Т.  жазык кодексинин 283-беренесинин 1-болугунун, корсотулгон кылмыш ишин жазаган. Айыпталуучу кунону мойнуна алган жок. Андан кийин  куболордон сурак алынды.

Ошол убакта судья  байкоочуну   ордунан турууну отунду жана сурады: «Аудиозапись жургузуп жатасынбы? Ким сага улуксат берди?»,- деп сурады. Байкоочу: «Мен жон гана угуучумун»,-деп жооп берди. «Кайсыл тараптан болосун же тууган болосунбу?»- деп тактады. Байкоочу: «Мен жон гана угуучумун, студентмин,  макала жазам, унткан жерлеримди аудио жазуу аркылуу тактап жазам»,- деп жооп берди. Судья: «Аудио жазуу жургузуудон мурда отунуч кылып, суранып, «в курс делого киргизиш» керек»,-деп байкоочуну сот процессинен четтетти.

P.S. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 291-беренесинде «Ачык сот отурумуна катышкан адамдар аудио жазууну жана жазууну жургузууго укуктуу» деп жазылган. Эмнеге  судьялар элементардык процессуалдык нормаларды сакткбайт?