Жабырлануучу жана айыпталуучу тарап оз ара макулдашууга жетишишти

добавлен 02 февраля 2022 10:44
просмотров 396

 

 

2022-жылдын 31-январь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов  Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында КР ЖКнин 200-беренеси боюнча М.М.С.га карата кезектеги сот отуруму болуп өттү. Ишти кароо саат 14:00 гө белгиленип, тараптардын кечиккендигине байланыштуу 15:00 гө жылып, саат 15:36да башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык айыпталуучу М.М.С.га буга чейин бөгөт кою чарасы катары үй камагына чыгаруу колдонулган. Сот отуруму учурунда калган айыпталуучулардын да өздүгү такталды.

Кезек жабырлануучулардын өздүгүн тактоого жетти. Жабырлануучулар айыпталуучулар менен макулдашууга жетишип, аны колдошкон жана ишти кыскартууну суранышкан. Бирок буга чейин келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп бериши керектигин жабырлануучулар билдиришти. Ошондой эле тосмо арыздар да иш материалдарына тиркелген. Судья тараптардын пикирин угуп, келтирилген документтерди карап чыгып, соттук териштирүүгө өтүүнү билдирди. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысын окуп берди. Айыптоо актысы боюнча айыпталуучуларга коюлган айыптоолорду бирөөсү  мойнуна алышын, экөөсү албайм деп жооп берди. Андан кийин сот залына күбөлөр чакырылып, сурак кылынды. Сот отуруму үч күбө келбегендиктен 2022-жылдын 10-февралы саат 14:00гө  калтырылды.