Тараптар сот отурумунда жарашуу боюнча макулдашууга кол коюшту

добавлен 01 февраля 2022 13:30
просмотров 582

 

 

2022-жылдын 31-январь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов  Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында КР ЖКнин 200-беренеси, азыркы редакция боюнча  205-беренесине ылайык сот отуруму болуп өттү. Ишти кароо 14:00гө белгиленип, өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Отурумга тараптар толук келген. Ошентип судья күбөлөрдү сурак кылууга өттү. Күбөгө укук жана милдеттери түшүнтүрүлүп, кол койдурулду. Күбө катары суралган тараптар жарашуу боюнча макулдашууга кол коюшкан жана макулдугун тастыкташты. Келтирилген материалдык чыгымдардын бардыгы төлөп берилген.

Кезек жарыш сөзгө келип жетти. Анда мамлекеттик айыптоочу иш боюнча угузлган күнөөсүн айыпталуучу толугу менен мойнуна алгандыктан айып пулу өндүрүп, тараптар өз ара жарашуу боюнча макулдашууга жеткендиктен жазаны кыскартууну суранды. Айыпталуучунун жактоочусу да прокурордун сунушун макулдады. Судья тараптардын жана келтирилген документтерди карап чыгып кеңешүү бөлмөсүнө өттү. Кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып кабыл алынган өкүмдү угузду. Ага ылайык А.Т.М.га карата жарашуу жөнүндөгү макулдашууга жеткендиктен иш кыскартылды. Ушуну менен сот отуруму аяктады.