Айыпталуучунун мурунку адвокаты кубо катары суралды.

добавлен 26 января 2022 11:51
просмотров 526

 

 

2022-жылдын 21-январь күнү Ош облустук сотунда жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар: Кубатов А. Э. жана Закиров С. Ж. КР ЖКнын 130-беренеси менен айыпталган К. М. нын   кылмыш ишин караган. Сот отуруму 11:00гө дайындалып өз убагында башталды.  Биз бул иш жөнүндө жазып келе жатабыз.

Соттук коллегия процессти ачык деп жарыялап, катчыдан келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна айыпталуучуну конвой менен камсыз кылышкан, мамлекеттик айыптоочу жана айыпталуучунун адвокаты келген.

Төрагалык кылуучу айыпталуучунун адвокатына өтүнүчтөрдү берүүсүн улантса болоорун айтты. Белгилеп кетсек буга чейинки сот отурумунда айыпталуучунун мурдагы адвокаты К. А.ны күбө катары чакырып суроо өтүнүчү келтирилген жана ал өтүнүчтү соттук коллегия канааттандырган. Андан кийинки өтүнүч аягына чейин окулбай калган. Анын себеби иш убакты бүтүп калганына байланышту болгон.

Келген күбөнун өздүгү такталып, укук-милдеттери түшүндүрүлдү.

Айыпталуучунун адвокаты суроо берип баштады. Суроолор төмөндөгүчө болду:

  1. Маркум өлгөн жерде ылай, эски, таманы жыртык байпак табылган. Ал иштин материалдарында бар. Сиз ошол байпакты өз көзүңүз менен көргөнсүз. Чынында эле иш материалда көрсөтүлгөндөй байпак беле?
  2. Айыпталуучунун айыптоо актысы качан берилген? Биринчи инстанцияда иштин материалдары менен тааныштырганбы? Буюм далилдер менен таанышууга уруксат бергенби?
  3. Машинаны осмотр кылып, акт түзгөн ГАИ кызматкерлери күбө катары эмнеге суралган эмес?
  4. Окуя болгон жерде «Лейбл» деген арактын бөтөлкөсү табылганбы?

Бул суроолорго күбө К. А. төмөндөгүдөй жооп берди:

  1. Ал көргөн байпак кара-ала түстөгү таманында жыртыгы жок, бирок күйгөн жерлери бар таза эле байпак болчу.
  2. Айыптоо актысы экинчи сот отурумунда берилген жана иш материалдарды менен сот жүрүп жаткан күнү гана же андан өткөндөн кийин  тааныштырган. Буюм далилдер бизге көрсөтүлбөй, бул боюнча судьяга өтүнүч келтиргенде, ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.
  3. ГАИлер боюнча дагы өтүнүч келтиргенде, өтүнүчтү судья канааттандыруусуз калтырган.
  4. Окуя болгон жерде «Лейбл» үлгүсүндөгү арактын бөтөлкөнү табылган. Окуя болгон күнү маркум жана айыпталуучулар менен бирге ууга чыккан күбө Б. у. Э.нин. кол изи табылган арактын бөтөлкөсүндө болгон.

Жогорудагы жоопторду берип жатканда айыпталуучунун процессуалдык укугу одоно бузулганын айтып, биринчи инстанцияда караган судьянын үстүнөн дисциплинардык комиссияга 26 жолу арыз жазылгандыгын белгилеп кетти.

Күбөгө суроолор берилген соң ал сот залынан чыгып кетти.

Айыпталуучунун адвокаты өтүнүчүн улантып окуп жатканда түшкү тыныгуу болуп калгандыгына байланыштуу сот отуруму жылдырылды.