Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна мониторинг жургузулду

добавлен 20 января 2022 10:17
просмотров 513

 

 

2022-жыл 18-январь күнү Баткен облусунун  Кадамжай райондук сотунда судья Тажибаев Илязбек Курванбековичтин төрагалыгында “Алимент өлчөмүн азайтуу боюнча” жарандык иш каралды.  Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Сот отуруму саат 13:30 га белгиленип өз убагында башталды. Судья тараптарга укук жана милдеттерин түшүнтүрдү. Андан кийин соттук териштирүү башталды. Доогерден доо арыз менен макул же каршы экендиги суралганда ал: «Доо арызды колдоймун»,- деп жооп берди. Судья: «Эмне үчүн колдойсуз?»,- деп сурады. Доогер белгиленген 3000 миң сом өлчөмүндөгү алиментти төлөөгө шарты жок экендигин, эч жерде иштебегендиктен алименттин олчомун азайтууну өтүндү.

Жоопкердин  өкүлү доогердин  ушул күнгө чейин бир жолу да алимент төлөбөгөндүгүн билдирди. Доогерден судья : «Башка соттук актылары барбы?»,- деп сурады. Ал: «Жок»,- деп жооп берди. Жоопкердин өкүлү доо арыз менен макул эместигин айтты. Судья соттук териштирүүнү аяктап, жарыш сөзгө өтүүнү билдирди. Судья келтирилген далилдерди карап чыгып, тараптардын пикирин угуп, кеңешүүчү бөлмөгө чыкты. Кеңешүүчү бөлмөдөн кайра келип чечимди угузду. Ага ылайык доогердин доо арызы канаатандыруусуз калтырды. Ушунтип сот отуруму аяктады.