Сот отурумдарында коп учурда прокурор да жактоочу да этиканы сактабайт

добавлен 24 декабря 2021 11:32
просмотров 548

 

 

2021-жылдын 22-декабрь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Тажибаев Илязбек Курванбековичтин төрагалыгында КР ЖКнин  138-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган А.С.Б.,га  карата сот отуруму болуп өттү.  Сот отуруму саат 11:00 гө белгиленип, өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Торагалык кылуучу келген тараптардын өздүгүн тактоо максатында кезеги менен суроолорду берди. Ар бирине көрсөтмө берүүдөн мурда укук жана милдеттери түшүндүрүлүп, жалган маалымат берген учурда КР мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте жазага тартылышы эскертилип, кол койдурулду.

Жогорудагы иш боюнча айыпталуучунун жактоочусу судьяга тактоочу суроо менен кайрылды. Төрагалаык кылуучу берилген суроого толук кандуу жооп берди. Жактоочу судьянын жообуна наразычылыгын билдирди. Судья жактоочуга тартипти сактоого чакырды жана токтомго наразы болгон учурда даттанууга укуктуу экенин айтты. Мамлекеттик айыптоочу иштин чоо жайы боюнча тараптарга толук маалыматты окуп берди. Судья айыпталуучудан: “Күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?”,- деп сурады ал: “Жарым жартылай мойнума алам”,- деп жооп берди.

Кезек күбөлөрдү сурак кылууга жетти. Күбөгө алгач мамлекеттик айыптоочу суроо менен кайрылды. Ошол учурда айыпталуучу А.С.Б.нын жактоочусу прокурорго: “Наводящий суроо бере баштадыңыз”- деп, үнүн бийик көтөрүп сүйлөдү. Ага жооп иретинде прокурорда: “Эй сен кулагыңды тазалап ал уктуңбу?!”,-деп кыйкыра кетишти. Кайым айтышуу бир аз убакыт токтобой, тараптар ортосунда да талаш пикирлер жаралуусуна себеп болду. Сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүн угуп, документтерди карап чыгып, ишти кайра кароону 2021-жылдын 29-декабрь саат 10:00 го калтырылды.

PS: Байкоочу: “Бүгүнкү сот отурумунда прокурор да жактоочу да этиканы унутуп, бири-бирине “сен”- деп кайрылып, “кулагыңды тазалап ал”-дегенге чейин барышты. Башкаларга үлгү болушу керек болгондун ордуна тескерсинче кайым айтышып, урматсыздык кылганы туура эмес көрүнүш. Өз кезегинде алардын бул аракети жарандардын аларга болгон кадыр баркын да түшүрөт.. Мындай көрүнүш сот отурумунун өтүшүнө да терс тасирин тийгизбей койбойт.”