Озгон райондук сотундагы кемчиликтер.

добавлен 09 декабря 2021 12:15
просмотров 571

 

 

2021-жылдын 6-декабрь күнү Ош облусунун Өзгөн райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү. Өзгөн райондук соту эки кабаттуу эски имаратта жайгашкан. Сот имаратына кире беришинде регисиратура жайгашкан. Ал жерде келген адамдарды каттап киргизип турушат. Сот имаратына киргенде биринчи кабатта - 2 сот залы, канцелярия, архив, бөлүм башчынын жана 1 судьянын бөлмөлөрү жайгашкан. Ал эми имараттын экинчи кабатында калган судьялардын кабинеттери жайгашкан. Андан сырткары сот имаратынын биринчи кабатында  кароого коюлган иш тизмелерин көрсө болот.

Судьялардын соттук кароого коюлган иш тизмелерине токтолсок:

1.            Төрага судья Шаматов У. Ш. – иш тизмеси жайында;

2.            Абдыкаров Ө. С. – иш тизмеси жайында;

3.            Артыкова Н. М. – иш тизмеси жайында;

4.            Жоробаева Г. Ч. - иш тизмеси жайында;

5.            Мамашов А. А. - иш тизмеси жайында;

6.            Каримбаева Ч. М. тергөө судьясы, жарандык иштерди да карайт- иш тизмеси жайында;

7.            Сарыбаев Ө. Р.- иш тизмеси жайында.

Өзгөн райондук сотунда штаттык ыраатама боюнча 1 бөлүм башчы, 7 судьянын жардамчысы, 2 ага катчы, 1  IT адис, 7 катчы, 1 адис, 1 иш алып баруучу, 2 архивариус жана 1 комендант, 1 курьер,  1  ар турдуу жумучшу жана 2 тазалоочу бар.

 

 Ошол эле куну Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасы  У. Ш. Шаматовтун кароосуна коюлган  сот отурумуна мониторинг жургуздук. Иш КР ЖКнин 203-беренесинин 2-болугу  менен айыпталган М. А. жана К. С.дын сот отуруму. Катчынын айтымында бул иш саат 14:00гө дайындалган, бирок  отурум саат 14:10до  башталды. Судья сот отурумун ачык деп, айыпталуучулардын аты-жөнүн айтты. Бирок кайсы берене менен иш каралып жатканын айткан жок. Катчыдан келгендер жөнүндө маалымат сурады. Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу жана айыпталуучулардын адвокаты келген. Ал эми айыпталуучулардын келбегенинин себебин, алардын адвокаты айыпталуучулар сот отуруму саат 11:00 болот деп келишкен, бирок судья Шаматов У. Ш.нын катчысы сот отуруму, саат 14:00 болоорун айткан. Айыпталуучулар азыр жолдо келе жатканын айтып төрагалык кылуучу судьядан 10-15 мүнөткө тыныгуу жарыялоону адвокат өтүндү. Судья өтүнүчту канааттандырып 10 мүнөттүк тыныгуу жарыялады. Тыныгуу мезгилинде сот залында катчы менен байкоочу калган. Ошол мезгилде байкоочу сот залында запись жүрбөй жаткандыгын байкап, ал туурасында катчыдан сураган. Ал бул соттук иш башынан эле записи жок жүрүп жатканын айтты. Бирок тыныгуу учурунда запись кылуу үчүн атайын техникаларды жандырып сот отурумун запись кылууну башташты. Тыныгуудан кийин айыпталуучулардын бирөөсү келди. Экинчиси келбегендиктен, алардын адвокаты келбеген айыпталуучуну сот отурумуна мажбурлоо түрдө алып келүү өтүнүчүн келтирди. Төрагалык кылуучу прокурордун оюн сурады. Ал каршы эместигин билдирди. Төрагалык кылуучу өтүнүчтү канааттандырып сот отурумун башка күнгө жылдырды. Байкоочу кайсы берене менен иш каралып жатканын тактоо максатында төраганын катчысынан сураганда, катчы: «Төраганын уруксаты жок айта албайм» - деп жооп берди, байкоочу төраганын өзүнөн сураганга аргасыз болду.

P. S. Эмнеге төрага процессуалдык нормаларды толугу менен сактаган жок. Айыпталуучулардын кайсы берене менен айыпталып жатканын айтып койсо болмок. Ал эми катчы өзүнүн милдеттин аткарбай иш тизмени толугу менен чыгарбаганы аз келгенсип, иш тизмелер туурасындагы суроого да купуя сырдай  кылып, жооп бербейт.

Эртен менен жүргүзүлгөн мониторингте төраганын бүгүнкү карай турган сот отурумдардын тизмеси жок болуп, түштөн кийин иш тизмелери жаңылап чыгарылкан.

Жана ошондой эле баардык жазык иштери сот залында каралганы жакшы көрүнүш. Бирок кээ бир сот отурумунда запись жүргүзбөй каралып жатканы өкүндүрөт.