Шайлоого бутконго чейин камакта жаткандарын соту болбой турат

добавлен 24 ноября 2021 12:33
просмотров 471

 

 

2021-жылдын 22-ноябрь күнү Ош облусунун Араван райондук сотунда  төрагалык кылуучу судья Бакалбаев Т. К. КР ЖКнын 253-бер. 3-б. менен айыпталган Ю. Э.дын сот отуруму саат 14:00гө дайындалган.

Сот отуруму өз убагында башталды. Бирок сот отурумуна тараптар белгисиз себептер менен келбеген. Ага кошумча айыпталуучу камактан камсыз кылынган эмес. Анын себеби Араван районунун ички иштер бөлүмү тарабынан билдирме калтырылып кеткен.   Ал билдирменин кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: 28-ноябрь күнү боло турган Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин шайлоо күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери баардык шайлоо участкаларына бөлүнүп жаткандыктан айыпталуучу Ю. Э.ге карата бөгөт коюу чарасын камакта калтырып 30-ноябрга чейин соттук кароону белгилебей  турушун суранышкан.