Сот отурумуна жабырлануучу тарап да, жоопкер тарап да келбей коюшкан

добавлен 10 ноября 2021 14:54
просмотров 447

 

 

2021-жылдын 21-октябрь куну Кадамжай райондук сотунда биздин Баткен облусундагы байкоочубуз мониторинг жүргүзгөн. Ал судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында өткөрүлгөн сот отурумдарына катышкан. Бүгүн саат 10:00 гө да  “Материалдык зыяндарды өндүрүү” боюнча жарандык иш каралышы керек болгон. Бирок тараптар келбегендиктен ишти кароону 2021-жылдын 1-ноябрь саат 13:00 го калтырды.

P. S.: Байкоочу: “Бул күнү мен адатынча сот отурумдарына катышып, мониторинг жүргүздүм. Байкоочу катары отурумдарда көп туш болгон жагдай жарандардын жоопкерчиликсиз мамилеси. Бүгүн да дал ушундай болду. Отурум саат 10:00 гө белгиленген бирок тараптардын эч бири келбей койгон. Катчыга кайрылганда алар биз тараптан конверт түрүндө чакыруу даярдалып жиберилген, телефон чалуу аркылууда эскертүү берилген деп жооп беришет. Натыйжада өткөрүлүшү керек болгон сот отуруму калтырылып, создуктурулат. Айрыкча жарандардын сот отурумдарына жоопкерчиликсиз мамиле жасоолорун Баткен облусунда  көп кездештирүүгө болот. Биз буга чейин да жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жазган макалаларыбызда чакырып келгенбиз.”