Жоопкер келбегенине байланыштуу сот отуруму жылдырылды.

добавлен 08 ноября 2021 16:11
просмотров 592

 

 

2021-жылдын 1-ноябрь күнү Ноокат райондук  сотунда жарандык соттук иштерди караган судья Өмүралиев Б. Э.нын кароосундагы соттук ишке байкоо жүргүзүлдү.

Доогер улуттук банк жана жоопкер М. А. аттуу жаран ортосундагы карыз өндүрүү боюнча сот иши саат 10:00гө кароого коюлган.

Сот отуруму өз убагында башталды. Сот отурумуна доогер улуттук банктын өкүлү келди. Ал эми жоопкер М. А. сот отурумуна келген жок.

Судья жоопкерсиз ишти кароо боюнча доогерден оюн сурады.

Доогер жоопкердин катышуусу менен сот ишин карап берүүсүн айтып кетти. Ошол себептен сот отуруму башка күнгө жылдырылды.