Милиция болумундогу чуулу олумдун уландысы

добавлен 06 сентября 2021 11:35
просмотров 589

 

 

2021-жылдын 2-сентябрь күнү Ош облусунун Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Туманбаев У. Б. КРнын ЖКнин 320-бер. 3-б., 143-бер. 2-б., 135-бер. 2-б. менен айыпталган милициянын ыкчам кызматкерлери А. С., Э. У., С. Д.,  А. Ш., О. А. жана Ш. С.тын жазык ишин кароону улантты. Сот отуруму саат 14:00гө коюлган, бирок сот отуруму 15 мүнөткө кечигүү менен башталды. 

Судья Туманбаев У. Б. сот отурумун ачык деп жарыялап, катчыдан кимдер келгенин сурады.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна жабырлануучунун өкүлү, анын 3 адвокаты, мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучулар жана алардын адвокаты келген. Андан сырткары 2 күбө келген.

Сот залында айыпталуучулардын бир туугандары жана жакындары көп болду. Сот залында адаттагынча адамдар толуп кетти.

Биринчи күбө  Жалал-Абад облусунун соттук медициналык эксперти И. К. трибунага чакырылды. Ал эми экинчи эксперт К. А. сыртта күтүп турду. Эксперт И. К.нын өздүгү аныкталып, укук милдеттери түшүндүрүлдү.

Экинчи күбө Ош облусунун соттук медициналык экспертти К. А. өз кезеги менен трибунага чакырылды. Өздүгү аныкталып, укук милдеттери түшүндүрүлдү.

Маркум К. М.тин денесин 3 адамдан турган эксперттик комиссия вскрытие кылышкан  алардын экөөсү И. К. жана К. А. болгон.

Прокурор жана жабырлануучунун адвокаттары эки эксперттке негизинен маркум К. М.тин өлүмүнүн себеби  денесиндеги кайсыл жаракаттан келип чыкканын жана кортунду боюнча көбүрөөк сурады.

Эксперттер кортундуну окуп беришти. Ал жерде солнечное сплетениеге катту мокок нерсе тийгенден ичинен уйку безинен кан кетип, травматикалык шоктон өлгөнүн тастыкташкан. Калган денесиндеги башка жараттар өлүмгө алып келбегенин белгилеп кетишти.

Айыпталуучулардын адвокаты негизги суроолору эксперттик комиссия мүчөсүнө көз карандысыз эксперт кошулганы, ал эксперттин сертификаты жоктугу жана кортундунун мыйзамдуулугу боюнча болду.  

Эксперттердин жообу комиссиянын курамын жетекчилик жана тергөөчү чечкенин жана ал эксперттин сертификаты жок экендигин билишпегенин айтышты. Ошондой эле чыккан кортундуну мыйзамдуу деп билишин айтышты.

Сот отурумунун аяктарында айыпталуучулардын адвокаты жазуу түрүндө өтүнүч келтирди. Ал өтүнүчтө үчүнчү күбө көз карандысыз эксперт Ш. К.ты күбөлөрдүн тизмесинен алып салуу жана маркумду биринчи көрүп алдын ала диагноз койгон эксперттерди күбө катары камсыз кылууну суранды. Ага жабырлануучунун адвокаттары жазуу түрүндө даярданып келгени убакыт берүүнү суранышты.

Судья Туманбаев У. Б. жабырлануучунун адвокаттарына кийинки сот отурумуна чейин убакыт берип, сот отурумун 7-сентябрьга жылдырды.