Жактоочу жок, ишти кароо жылдырылды

добавлен 20 августа 2021 15:45
просмотров 619

 

 

2021-жылдын 16-август күнү Баткен райондук сотунда кезектеги сот отуруму болуп өттү. Судья И.Т.Т. отурумду ачыктагандан кийин катчы келгендер менен таныштырды. Ишти кароо саат 15:00гө белгиленип өз убагында башталган. Судья күбөлөрдү сурак кылуудан мурда келгендерди дагы бир ирет тактоону чечти. Андан кийин күбөлөргө сөз берилип иш боюнча суралды. Ал арада айпталуучу да сурак кылынып иштин кандай болгону суралды. Ишти кароо учурунда айыпталуучунун жактоочусу жоктугу маалым болуп ага жактоочунуз барбы деп судья тарабынан суралды ал жактоочум жок деп жооп берди.

Судьяга ишеним көрсөтөсүзбү деп суралганда айыпталуучу Ж.Б.К ооба деп жооп берди. Бирок мыйзам боюнча ишти карап жаткан учурда жактоочунун катышуусусуз отурум өтүшү мүмкүн эместиги судья тарабынан эскертилип, эгер жактоочу алууга акча каражаты жок болсо мамлекет тарабынан акысыз жактоочу дайындоо мүмкүнчүлүгү бар экендиги айтылды. Мамлекеттик айыптоочу да ага макулдугун билдирди. Мамлекеттик жактоочу чакырылганга чейин тыныгуу жарыяланды. 

Маалыматка караганда Кыргызстандын өзбек улутундагы жараны 2020-жылы карантин себептүү Тажикстанда туугандарынын үйүндө жүргөн жана 2021-жылы Баткен окуяларынан кийин бираз убакыт өтүп Ортобоз айылынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жергиликтүү тургундар кармап аны токмоктошкон ага кошуп такси айдоочусун да анын апасын да токмоктошкон.

Тыныгуудан кийин ишти кайра кароо улантылып мамлекеттик жактоочу келген бирок ага алдын ала ордер берилбегендигине байланыштуу отурумда катышууга жана жактоочулук кылууга укугу жок экендигин билдирди. Жактоочу жок ишти кароого мүмкүнчүлүк болбогондуктан судья ишти кайрадан кароону 2021-жылдын 27-августу саат 15:00гө калтырды.