Жабык чек арадагы иштер

добавлен 19 августа 2021 17:18
просмотров 573

 

 

2021-жылдын 12-август күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Турдалиев Н. Н. КР КЖКнын 223- жана 320-беренелери менен айыпталган С. У. жана А. у. К.дын жазык ишин саат 10:00 белгилеген.

Судья Турдалиев Н. Н. сот отурумун орус тилинде баштады. Бүт процессуалдык нормалар сакталгандан кийин катчыдан кимдер келгенин сурады.

Катчы сот отурумуна айыпталуучулар жана алардын адвокаты келгенин, ал эми прокурор, күбөлөр жана котормочу келбегенин баяндады.

3 мүнөткө жетпей прокурор келип сот отуруму уланды.

 Айыпталуучулар улуту кыргыз экендигин белгилеп котормочу керек эместигин айтышты.

Прокурор менен айыпталуучулардын адвокаты судья Турдалиев Н. Н.ге сот отуруму мамлекеттик тилде өтүүсүнө өтүнүч келтиришти.

Судья Турдалиев Н. Н. айыптоо актысы орус тилинде жазылганынан улам орус тилинде өткөнүн белгилеп өтүнүчтү канааттандырды.

Прокурор айыптоо актысын окуп берди. Айыптоо актысынын негизги мазмууну төмөндөгүдөй: 2021-жылдын 8-июль күнү айыпталуучулар С. У. жана А. у. К. «Мерседес» үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинада 5639 кг  көлөмдөгү эчкинин жүнүн Тажикистандан Кыргызстанга Боор-Дөбө чек ара постунан алып өткөн. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык ал учурда эки өлкөнүн ортосундагы чек аралар жабык болгон. Айыпталуучу С. У. постогу чек ара кызматкерлерине,  санитария-эпидемиологиялык кызматкерге жана баажы кызматкерлерине акча берип баары менен келишип койгон. Ал эми айыпталуучу А. у. К. «Мерседес» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаада Боор-Дөбө чек ара постунан тоскоолдуксуз өтүп кеткен.

Ошол эле күнү алар Сары-Таш айылында УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

КР сатуу жана өндүрүш палатасынын кортундусунун негизинде эчкинин жүнүнүн базар баасы 1кг 1500 сомго бааланып 5639 кгмы жалпы 8458500 сомду түзгөн.

Экономика жана финансы министрлигинен алдын ала эсеп боюнча төлөнбөгөн баажы төлөмдөрү 1320371 сомду түзгөн.

Судья Турдалиев Н. Н. айыпталуучу С. У.га сөз берди. Ал чек ара жабыктыгын билген эместигин белгилеп, айыбын жарым жартылай мойнуна алаарын айтты. Ошондой эле эчкинин жүнүнүн базар баасынан эки эсе кымбат баалап коюшканын айтып кетти.

Айыпталуучу А. у. К.  да чек ара жабыктыгын билген эместигин белгилеп айыбын жарым жартылай мойнуна алаарын айтты.   Аны айдоочу катары айыпталуучу С. У. жалдап жүктү Тажикстандан Ошко жеткирип бергенине кызмат акысын бермей болгон.

30 мүнөттөн кийин чек ара кызматкери К. А. күбө катары келди. Ал айыпталуучу С. У.дан акча алып эчкинин жүнү жүктөлгөн мерседес үлгүсүндөгү унааны өткөрүп жибергенин мойнуна алды.

Айыпталуучулардын адвокаты кийинки сот отурумунда КР сатуу жана өндүрүш палатасынын эксперттин суракка алуу өтүнүч келтирди. Ал КР сатуу жана өндүрүш палатасынан эксперттин корутундусунда эчкинин жүнүнө туура эмес сортун жана базардагы орто баасын кымбат жазып койгонун айтты.

Судья Турдалиев Н. өтүнүчтү канаатандарды жана сот отурумун 13-август саат 15:00гө жылдырды.