Кадамжай райондук сотунунда бир прокурор бардык отурумдарга жетишкенге аргасыз болууда. Буга Баткен облустук прокуратурасынын кайдыгерлиги себеппи?

добавлен 05 августа 2021 12:25
просмотров 903

 

 

2021-жылдын 16-июль күнү  Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү. Анда КР КЖКнин 359-204-беренелери “Алдамчылык” боюнча иш каралды. Сот отурумунда төрагалык  кылуучу судья Тажибаев Илязбек Курванбекович отурумду  ачык деп жарыялагандан кийин, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Судья иштин мазмуну менен таныштырып, суроолор, кошумчалар барбы деп сурады. Андан кийин судья прокурордун башка отурумда катышып жаткандыгына байланыштуу  20 мүнөткө тыныгуу жарялады. Белгиленген тыныгуудан соң судья жабырлануучу тарап келбеген болсо да ишти кароону улантууну  сурады. Келгендер жабырлануучу тарап жок болсо, ишти башка күнгө калтырууну суранышты. Ал эми судья жабырлануучу тарап буга чейин суралгандыгын, алардын бул отурумда катышуусунун зарылдыгы жоктугун билдирди. Ошентип прокурордун, жактоочунун жана отурумга келген башка тараптардын карышылыгы эске алынып, судья ишти кароону 2021-жылдын 21-июлу саат 14:00гө калтырды.

P. S. Кадамжай райондук сотундагы мониторинг боюнча айта турган болсок башка облустук жана райондук соттор сыяктуу эле отурумдар өткөрүлүп, иш процесстери жүрүп жатат. Бирок ошону менен бирге көйгөйлөр, кемчиликтер да жок эмес. Биз буга чейин Кадамжай райондук сотунда процесстер кечигип өтпөй калып, бул жарандардын наразычылыгына себеп болгон жагдайлар тууралуу  да айтканбыз. Аталган райондук сотунда эки имарат жайгашкан болуп анын бири сот аткаруучулар үчүн экинчиси соттордун имараты. Ушул чоң имаратта бир эле прокурор жумуш графигинде белгиленген процесстерге катышат. Көп учурда отурумдар биринин артынан бири коюлагндыктан прокурор жетишпей калат. Бул сот процесстерин калтырылышына же кечигип башталышына түздөн-түз себеп болот. Буга байланыштуу  Кадамжай райондук сотунун төрагасы Ажиматов Улан Абдыкаарович: ”Биз буга чейин Кадамжай райондук сотуна прокурор бөлүп бергиле деп Баткен облустук прокуратурасына кат менен эски жетекчиликке кайрылганбыз. Маселе чечилген эмес. Жакында дагы кат жүзүндө кайрылууну максат кылып жатабыз”,-деп жооп берди. Суроо туулат эмнеге буга чейин бул маселени Баткен облустук прокуратурасы чечип берген эмес? Алардын шалаакылык мамилесинен жөнөкөй жарандар азап тартуусу керекпи? Эмнеге башкы прокуратура бул маселеге конул бурбайт?