Процессуалдык нормаларды аткарбаган соттук коллегия

добавлен 05 августа 2021 11:00
просмотров 746

 

 

2021-жылдын 22-июль күнү Ош облустук сотунда жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу Мадмарова Э. А., судьялар: Кыдырбаев Ж. С.  Каримова- Р. Усманов Х.ны турак жайдан чыгаруу жөнүндөгү ишти карады.

Сот отуруму саат 15:30га дайындалган, бирок белгисиз себептер менен  17:00дө, бир жарым саатка кеч башталды.

Соттук коллегия сот отурумун ачык деп жарыялаган жок. Катчы сот отурумуна кимдер келгени жөнүндө да баяндаган жок. Соттук коллегиянын курамын жана өзгөрүүлөрдү айткан жок. Ошону менен ЖПКнин 162-бер., 163-бер. жана  166-беренесинин нормалары сакталган жок. Сот отурумуна Усманов Х., анын адвокаты, бир туугандары жана кошуналары келишти. Ал эми Каримова Р. жана анын адвокаты бул сапар дагы  келген жок. Ошол себептен сот отуруму 2-августка жылдырылды. Бул 3-жолу сот отурумунун жылдырылышы.

P. S. Бул окуя боюнча кыскача айтып кетсек  Усманов Х. Кара-Суу районунун Жийделик деген жерден жер тилкесинин ээси болгон. Муну тактаган кызыл китеби да болгон. Ал жерге үй салып жашап келген. Бирок Каримова Р. айыл өкмөттөн токтом чыгартып ал жерге өзүнө документ жасатып алган. Бул жаран мындай схема менен 4, 5 адамдын жер тилкелерин соттошуп тартып алып койгон. Бул аялдын үстүнөн азыркы учурда Ош шаардык сотунда 204-бер. (алдамчылык) менен сот иши каралып жатат.