Убактылуу онлайн сот отурумдары болбойт

добавлен 28 июля 2021 16:35
просмотров 631

 

 

2021-жылдын 21-июль күнү байкоочу Ош облустук сотуна мониторинг кылуу максатында келген.

Жазык иштер боюнча сот отурумундарына саат 10:00дөн 12:00гө чейин катыша алган жок.  Сот залы жабык болуду. Судьялар да жумушка келген эмес. Катчылардын бирөөсүнүн айтысуу боюнча сот залындагы техникалар бузулуп, ошол себептен онлайн сот отурумдары болбой жатканын айтты. Дагы бир себеби кээ бир судьялар эргүүгө чыгып кеткенин айтты. Ошол күнү жазык иштер боюнча сот отурумдары болгон жок.

P. S. Ош облустук сотунда иши каралып жаткан адамдарга боорум ооруйт. Бир убакытка 2-3 сот отурумдары белгиленип, кечке күтүп жүргөндөрү аз келгенсип техникалык мүчүлүштүктөрдөн жана эргүүгө чыгып кеткен судьялардын айынан жөнөкөй жарандар кыйналып жатат.