Тамашалап муштап урушкан кошуналар

добавлен 08 июля 2021 16:57
просмотров 565

 

 

2021-жылдын 6-июль күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Курманбеков Т. У. КРнын ЖКнын 138-бер. 1-б. менен айыпталган А. З.нын сот отуруму саат 10:00 койулган.

Сот отуруму 40 мүнөткө кеч башталды.

Судья Курманбеков Т. У. сот отурумун ачык деп жарыялап, кайсыл иш каралып жатканын айтты.

Катчы келген тараптар жөнүндө маалымат берди. Сот отурумуна айыпталуучу А. З. адвокаты, жабырлануучу К. А. жана мамлекеттик айыптоочу келишти. Судья айыпталуучу менен жабырлануучунун өздүкүн тактап жатып, айыпталуучу буга чейин  266-бер. менен айыпталганын билдирди. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысын окуп берди. Айыптоо актысынын кыскача мазмууну төмөндөгүдөй: 2021-жылдын 17-май күнү айыпталуучу А. З. жабырлануучу К. А. менен жолдун чекесинде спиртик ичимдик ичип отуруп, жабырлануучу К. А.нын мурдуна муштап уруп, анан кийин оң көзүнө дагын бир жолу муштап уруп жана бир нече жолу башына уруп жиберген. Жабырлануучу К. А. денесине жараат алып 103 тез жардам кызматына кайрылган. Ал эми Ош облустук соттук медициналык экспертизанын негизинде денесине оор жаракат алганы аныкталган. Айыпталуучу А. З.га сөз берип окуя боюнча айтып берүүсүн айтышты. Анын айтымында спирттик ичимдиктерин ичип отуруп, тамашалашып жатып колун шилтегенде эки жолу тийип кеткендигин, атайлап урбаганын айтты. Буга жабырлануучу экоо кошуна экендигин, 20 жылдан бери мамилеси жакшы экендигин кошумчалады.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуга:"Эмнеге тергөөдөгү көрсөтмөдө урдум деп, азыр колум тийип кетти деп жатасыз"?, - деген суроо берди. Ал суроого айыпталуучу:"Тергөөчү ушинтип жаздырткан", - деген жооп кайтарды.

Судья Курманбеков Т. У. да:"Биринчи урганда мурдун канатып, экинчи жолу урганда көзүн канатып, көзүнөн операция болуп ооруканага жатканына эмне дейсиз?", - деген суроолорду берди. Ага айыпталуучу А. З. кайра эле колум тийип кетти деп жооп берип жатты.

Жабырлануучу К. А.  окуяны жана суроолорго жоопту да айыпталуучунун айтканындай кайталап жооп берип жатты. Ошондой эле көзүнүн операциясын жана даары дармектерине акчалай жардам бергенин белгилеп кетти.

Прокурор сот отурумун жылдырып берүүсүн жана күбөлөрдү камсыз кылып берүүсүн суранды.

Сот отурума 15-июль саат 15:00гө жылдырылды.

P. S. Бул жерде айыпталуучу менен жабырлануучу суйлошуп алганы билинип эле тургансыйт. Бул нерсени судья менен прокурор да байкагандай.