Айылдагы келишпестик

добавлен 29 июня 2021 14:32
просмотров 451

 

 

2021-жылдын 24-июнь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Маматалиев Т. А. КРнын ЖКнын 205-б. 1-б., 200-бер. 2-б., жана 204-бер. 1-б. айыпталган С. А.нын сот ишин карады.

Сот отуруму өз убагында башталды. Төрагалык кылуучу сот Маматалиев Т. А. бардык процессуалдык нормаларды аткаргандан кийин сот отуруму уланды. Сот отурумуна айыпталуучунун жактоочусу, мамлекеттик айыптоочу жана жабырлануучулар болду. Бирок катчы жабырлануучулардын жарымы келбегендигин айтты. Жабырлануучу А. у. А.га сөз берилди. Анын айтымында айыпталуучу С. А. 2020-жылдын январь айында жабырлануучунун "Нива" үлгүсүндөгү автоунаасын 80 миң сомго баалап 10 миң сомун берип, калган 70 миң сомун апрель айында бермек болгон. Бирок калган 70 миң сомду апрель айында башталган карантинден улам берген эмес. Айыпталуучу С. А. автоунааны сатып жиберген. Жабырлануучу А. у. А. бир нече жолу айыпталуучунун айылына барып, акчаны сурап "ат алат элем", деп айткан сөзүнөн улам айыпталуучу А. С. өз атын берген. Бирок жабырлануучу А. у. А. сөзүнө караганда ат акчага бааланган эмес. Ал айыпталуучунун берген атын алып, минип көрүп, жакса баалап алаарын айтып алып кеткен. Бирок ат жакпай 15 күндөн кийин кайтарып берген.

Ал эми айыпталуучу С. А.дун айтымында алар атты баалашып келишишкен. Бирок жабырлануучу А. у. А. атын  иштетип, арыктатып, кайра кайтарып берген. Бул окуядан бир нече күндөн кийин айыпталуучу С. А. жабырлануучу А. у. А.га кайра 30 миң сом алып келип калган акчаны кийин дагы толуктап берерин айткан. Бирок жабырлануучу акчаны толуктап келсе гана алаарын айтып акчаны албай кетирген.

Бир топ убакыт өткөндөн кийин жабырлануучу А. у. А айыпталуучу С. А.дун үйүнө келип, тополоң кылып, мушташып "Nexia" үлгүсүндөгү автоунаасын документтерин алып  өз үйүнө минип кетип калганы жактоочунун суроолорунан улам маалым болду.

Сот отурумуна калган жабырлануучулар келбегендигине байланыштуу айыпталуучу С. А.дун жактоочусу сот отурумун териштирүүсүн тездетүү максатында сот отурумуна келбеген жабырлануучуларды мажбурлоо иретинде сот отурумуна катыштыруу өтүнүчүнүн келтирди.

Төрагалык кылуучу судья Маматалиев Т. А. өтүнүч боюнча пикирлерди сурады. Ага баары каршы болушкан жок. Андан сырткары бөгөт кою чарасын мөөнөтү жакындап калганына байланыштуу аны узартуу маселесин көтөрдү. Ага мамлекеттик айыптоочу жана жабырлануучлар абакта калтырып узартууну суранышты, ал эми айыпталуучу С. А.дун жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып узартууну сурады.  

Судья Маматалиев Т. А. жактоочунун келбеген жабырлануучуларды сот отурумуна мажбурлоо иретинде алып келүү өтүнүчү канаатандырылды жана бөгөт чарасын 24-августка чейин узартуу токтомун чыгарды.

P. S. Бул ирет судья Маматалиев Т. А. сот отурумун бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен жакшы өткөрдү.