Тергоо судьясынын токтому кучундо калды

добавлен 22 июня 2021 13:17
просмотров 769

 

 

2021-жылдын 1-июнь күнү Ош облустук сотунда жазык иштер жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья А. Ж. Абдылдаев, судьялар К. С. Исажанов жана А. Э. Кубатов Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 30-апрелинде чыгарган токтомуна карата А. Рахманжановдун апелляциялык арызы боюнча сот отуруму саат 9:30да уланды.

Сот отуруму өз убагында башталды. Сот отурумуна Эргашов М. жана анын жактоочусу М. у. А. да келген жок. Төрагалык кылуучу судья А. Ж. Абдылдаеваларсыз баштоону сурады, эч ким каршы болгон жок. Биринчи прокурорго сөз берилди. Прокурордун айтуусу боюнча адвокат М. у. А. (М. Эргашовтун жактоочусу)  Жазык процессуалдык кодексинин 250-бер. 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн 10 күндүк мөөнөтүн өткөрүп, кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө өтүнүч келтиргенин, ал өтүнүчтү Ош шаардык тергөө судьясы Абдыразаков Н. Т.  15 күн өтүп кеткенине карабай өндүрүшкө кабыл алганын, башкача айтканда ЖПКнин 250-бер. 2-бөлүмүндогу 10 кундук мооноттон өтүп кетсе да мыйзам бузуу менен караганын айтып кетти. Ага кошумча А. Рахманжановдун аялы иштеткен чакан күрөөканадан алып кою (выемка) жүргүзүлгөн. Ал алып коюунун негизинде буюм далил табылган. Андан кийин аткаруу барагын чыгаргандан кийин дагы бирнече жолу алып кою жүргүзүлгөн. Азыркы токтом боюнча тергөө органы тарабынан эмне максатта алып коюу жөнүндөгү өтүнүчү келтирилгендиги белгисиз. Бирок азыр иликтөө иштери жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү прокурорлорго жана кызматкерлерге тартип-жоопкерчилик маселеси жөнүндө иш жүрүп жаткандыгын да айтып кетти.

РахманжановА.га сөз берилди. Рахманжанов А.нын айтуусу боюнча Башкы прокуратурага да, ГКНБга да тергөө кызматкерлерине чара көрүү боюнча арыз жазганын, ошондой эле Президентке да коопсуздугу боюнча кайрылгандыгын айтты. Ошондой эле соттук коллегияга алып коюу болгону жөнүндөгү аныктаманы берди, жана ошол алынган күрөө билети, документтер жана журналдардагы да ГСБЭПте экендигин белгиледи.

Рахманжанов А.нын аялы да кошумчалап, көзүнүн жашын төгүп психикалык басым жасалып жатканын, 6 баласына ден-соолугу чың ата-эне керектигин жана “Эргашовдор баарын бир коңгуроо аркылуу бүтүрүп койобуз” деп бирда сотко келбей, тоготпой жүргөнүн айтты. Соттук коллегиядан калыстык менен чечип берүүнү суранды.

Рахманжанов А. кайра туруп бул иштер жарандык иштин алкагында териштирүүлөр болушу керек болгон. Бирок бул ишти одоно мыйзам буузулар менен кылмыш ишин козгошкон. Бул жерде ички иштер министирлигинин орун басары Генерал Сүйүн Абдылдаевич Өмурзаковдагы аралашканы жана Өмурзаковдун туугандары жана анын атынан тергөө башкармалыгынын башчысы келгендиги жөнүндө аудио жана видео далилдери бардыгы жөнүндө бирнече жолу жазгандыгын айтып кетти. Тергөө судьясы Абдыразаков Н. Т.нын токтомун жокко чыгарууну суранды.

Рахманжанов А.нын адвокаты А. З.ге сөз берилди. Анын айтымында тергөө судьясы Абдыразаков Н. Т. соттук тергөөнүн жана прокурордун кыймыл аракетинин үстүнөн контрол жүргүзүшү керек эле, тескерисинче соттук контрол жүргүзбөй бир тараптуу чечим чыгарганын, жана Эргашов М.дин жактоочусу М. у. А. нын 15 күн мөөнөтү өтүп кеткен даттануусун өндүрүшкө кабыл алганын, ошондой эле соттук коллегияга ишти караганда УПКнын 262-бер. 3 пунктуна көңүл буруну суранып кетти. Тергөө судьясы тергөө амалдарын жүргүзүүгө укугу жок экендигин белгилеп, кызматтык милдетин аша чабуу болгонун да белгиледи.

Соттук коллегия баарын уккандан кийин кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетишти.

Соттук коллегия бир нече убакыттан кийин сот залына кирип, токтомду өзгөртүү боюнча апеляциялык сунуш жана арызды канаатандуруусуз калтырып, даттанууга жатпайт деп чечим чыгарды.

P. S. Ош облустук соттунун соттук коллегиясы ушунча адамдардын оюн жана далилдерин угуп жана бул жерде биринчи инстанциядагы тергөө судьясынын мыйзам бузууларын эске албаганы, ички иштер министирлигинин орун басары генерал Сүйүн Абдылдаевич Өмүрзаков аралашканын, булл иштин артынын тергөө кызматында бир нече кызматкерлерине тартип-жоопкерчилик маселеси жөнүндө иш жүрүп жатканын, негизсиз 3-4 жолу алып коюу (выемка) жүргүзүлгөнүн эске алып койгон жок. Тескерисинче төрагалык кылуучу судья А. Ж. Абдылдаев “Эргешовага билдирүү келтирилген эмес. Рахманжановго келтирилген.  Ишти кайрадан кыскартууга биз тоскоолдук кылбайбыз”- деп сооротуп койгондой болду.