Судьялардын жарымы карантинге чыгышкан

добавлен 17 июня 2021 16:40
просмотров 922

 

 

2021-жылдын 15-июнь күнү Ош шаардык сотуна байкоочу мониторинг жүргүзүү үчүн барганда бир нече соттордун жардамчылары, канцеляриянын кызматкерлери жана соттор COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болду. Ошондон улам соттордун жарымы карантинге чыгышкан.

Азыркы учурда карантинге чыккан соттордун тизмеси:

  1. Курманбеков Т. У.
  2. Матенов Т. У.
  3. Авазов М. А.
  4. Акматов А. А.
  5. Маматалиев  Т. А.
  6. Раимкулов Э. Р.
  7. Токтосунов Т. К.
  8. Жапаров М. Т.
  9. Барынбаев Ж. Б.
  10. Истамкулов К. М.
  11. Туманбаев У. Б.

Азыркы учурда адаттагыдай жумушка чыккан соттордун тизмеси:

  1. Матисаков К. М.
  2. Алимбекова Ж. К.
  3. Өмүрзакова А. А.
  4. Майлубашев Н.
  5. Турдалиев Н. Н.
  6. Батырбеков Ж. М.
  7. Турсункулов М. Ы.
  8. Алибаев Б. М.
  9. Маматов Т. Т.    (тергөө судьясы)
  10. Кожомкулов А. Р.    (тергөө судьясы)
  11. Абдыразаков Н. Т.    (тергөө судьясы) азыркы учурда окууда.

Канцеляриянын жалпы кызматкерлери да 2 күнгө карантинге чыгып, бүгүн 3 адам жумушка чыгышкан. Алардын ПЦР анализдери таза чыкканын айтышты.

Байкоочу Ош шаардык сотунун төрагасы Матисаков К. М.ден азыркы абал боюнча бир нече суроо берүү максатында барган. Бирок Матисаков К. М. өз бөлмөсүндө сот отурумун өткөрүп бош болбогондугуна байланыштуу байкоочу жолугуп сүйлөшө алган жок.

Бет капсыз келген жарандарды сот имаратына  киргизбей жатышат.

P. S.: Сот имаратына бет кап менен гана киргизгени бул жакшы көрүнүш. Бирок сот имаратынын ичинде бир дагы атайын санитайзерлер орнотулбаганы, жада калса жөнөкөй антисептиктер коюлбагандыгы өкүндүрөт. Сот имаратынын кире беришине, сот залдарынын алдына, канцеляриянын кире беришине жана 2-кабатка эки жерге антисептикби же санитайзерлерди орнотуп койсо санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталмак. Ошондой эле сотко келген жарандар жана сотто иштеген адамдар үчүн бир кыйла коопсуз шарттар түзүлмөк.