Ош облусунун административдик сотунда жургузулгон мониторинг

добавлен 27 мая 2021 15:35
просмотров 748

 

 

2020-жылдын 25-май күнү Ош облусунун административдик сотунда мониторинг жүргүзүлдү. Административдик соту Ош облустук сотунун 3-кабатынын сол канатында жайгашкан.

Ош облусунун административдик сотунда эки судья иштейт:

1. Досалиев А. К. төрага судья

2. Абдыкадырова З. О. судья

Төрага Досалиев А. К. азыркы учурда өргүүдө жана 27-майда жумушка чыгышын айтышты.

Судья Абдыкадырова А. К.нын жана судья Досалиев А. Кнын кароого коюлган соттук иш тизмелери өз кабинеттеринин четинде илинип турат.

Штаттык ырааттама боюнча:

1. Судья - 2

2. Бөлүм башчы - 1

3. Судьянын жардамчысы - 2

4. IT-консультант - 1

5. Улук катчы - 2

6. Сот отурумунун катчысы - 2

7. Адис - 1

8. Иш алып баруучу - 1

9. Архивариус - 2

10. Комендант - 1

11. Курьер - 1

12. Айдоочу - 1

Баары биригип - 17 адам.

Саат 14:00де судья Абдыкадырова А. К. төрагалык кылган сот отурумуна катыштык. Сот отурумуна бир эле прокурор келген, башка тараптар эч ким келбегендигине байланыштуу сот отуруму башка күнгө жылдырылды.

Судья Абдыкадырова А. К.нын айтуусуна караганда Ош облустук административдик сот эң эле сот иши көп, жүктөлгөн соттордун бири болуп саналат. Анын үстүнө эки эле судья  иштейт.

P.S. Ош облусу боюнча канчалаган аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик ишканалар бар. Ошолордун соттук ишин кароого мүмкүн эки судья аздык кылат.