Ош шааардык сотунда иш тизмелери илинбейт, илинсе да маалымат туура эмес же сот процесстери отпойт

добавлен 20 апреля 2021 15:55
просмотров 798

 

 

2021-жылдын 16-апрелинде Ош шаардык сотунда байкоочу судья А. Т. Маматалиев караган  КР Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси боюнча карала турган сот отурумуна катышууга барган. Бирок белгиленген убакытта сот отуруму болбогонуна байланыштуу байкоочу катчыдан 138-берене боюнча карала турган айыпталуучу Ж. А.нын соттук процессин дайындалган мезгилде эмне үчүн болбой калгандыгын жана качан болоорун тактоо иретинде суроо узатканда, катчы ал сот процесси бүгүнкү күнгө коюлбаганын айтты. Бирок байкоочу жогоруда аталган сот процесси судья А. Т. Маматалиевтин иш тизмесинде жазылып тургандыгын жана качан болоорун сураганда, катчы сот отурумдардын иш тизмеси туура эмес жазылганын айтып, сот отурумдардын иш тизмелерин жаңылап башка чыгарып келди. Тилекке каршы эски тизме менен жаңы тизме таптакыр башкача экенин көрдүк. Тактап айтканда боло турган сот отурумдардын сааты, күнү таптакыр башкача жазылган. Ал тургай айрым жерлеринде сот отурумда каралуучу беренелери да жазылган эмес.

 Бул көрүнүштөн кийин байкоочу жаңы тизме боюнча түштөн кийинки саат 14:30, 15:00, 15:30 жана 16:00гө белгиленген сот отурумдарына катышууга келип, саат 16:20 чейин күтүп, жогорку убакытка белгиленген сот процесстери бири да болбогонуна байланыштуу катыша алган жок.

 P.S. Иш тизмелерине болгон кайдыгерлик адамды таң калтырбай койбойт. Бул жерден ар бир эле адамда бул кимдин күнөөсү деген суроо жаралса керек. Судьялардынбы же катчылардын катасыбы? Эмне үчүн жоопкерчиликтүү адамдар эң жөнөкөй иш тизмелеринин тууралыгын карап коюшпайт. Ал иш тизмелериндеги катачылык бир эле күндүкү эмес, 16-апрелден баштап 21-апрелге чейин болгон. Буга кошумча саат 14:30дан 16:00гө чейинки сот отуруму болбой калгандыгы да суроо жаратат.