2-3 сот отуруму бир убакытка белгиленген

добавлен 15 апреля 2021 13:43
просмотров 616

 

 

2021-жылдын 14-апрелинде Ош облустук сотунда  КР КЖКнин 313-бер. 1-б. менен айыпталган О. А. Ж.тин жазык иши боюнча сот отуруму саат 11:00го дайындалган. Бирок саат 11:00го башка 3 сот отурумун белгилеп алышкандыктан айыпталуучу О. А.нын жактоочусу: "Башка күнгө жылдырабы сот отурумун? Же түштөн кийинки убакытка белгилейби?"- деген суроо менен секретариатка кайрылды. Катчы "Баяндоочу сот гана жооп бере алат" - деп айтышты. Айыпталуучу О. А. жактоочусу менен өз кезегин күтүп турушту. Бирок соттук коллегия сот отурумунан саат 12:35 өткөндө чыгып, тушку тыныгууга кеткенин айыпталуучу О. А. жактоочусу менен байкабай калышкан. Ошону менен аларда кетип калышты. Айыпталуучу О. А.нын иши боюнча сот отуруму кайсыл убакытка жылдырылганы белгисиз.

P. S. Акыркы учурда Ош облустук сотунда ушундай көрүнүш көп байкалып жатат. Бул маселени жөнөкөй бирдирктүү иш тизме менен чечсе болот го?! Сот отурумун белгилегенде бош күндөргө, бош убакыттарга коюшса болмок. Бир эле сот залы жетишпей жатса, анда дагы кошумча бир сот залын даярдашса болот. Биринчи кезекте жарандарга шарт түзүп берүү керек. Ар бир адамдын убактысы баалуу! Тилекке каршы көпчүлүк соттор өз убактысын, өз ынгайын ойлошот.