Прокурор келбегенине байланыштуу, сот отуруму жылдырылды.

добавлен 08 апреля 2021 15:15
просмотров 796

 

 

2021-жылдын 6 - апрель күнү Ош шаардык сотунда судья Турдалиев Н. Н. КР КЖКнин 200-беренесинин 2-бөлүгү боюнча жарандар М. И., М. Ш., Р. У. жана Р. Б. карата козголгон кылмыш ишин кароону улантты.

Соттук процесс саат 14:09 башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялагандан кийин секретарь айыпталуучулардын жана алардын жактоочуларынын аты-жөндөрүн атап, келгендигин белгиледи.

Судья: «Прокурор жокпу?» деп секретардан сурады. Секретарь прокурордун келбегенин айты.

Судья:  «Прокурор келбептир, эмне дейсинер?» деп жактоочулардан сурады.

Жактоочулар прокурордун катышуусу менен отурум өтүшү керектигин белгилеп, сот процессин башка күнгө жылдырып беришин суранышты.

Судья алардын өтүнүчүн канааттандырып, сот отуруму 2021-жылдын 26-апрелине жылдырды.