Мыйзамсыз козголгон иш, актоо окум, реабилитацияланууга укук

добавлен 02 марта 2021 14:21
просмотров 849

 

 

2021-жылдын 1-мартында Чуй облустук соттунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча  коллегиясы, курамында: төрагалык кылуучу  Койлубаев А. А., судьялар  Абдиева Т. К. жана Джумагулов А. К. жаран  Б.Жалгашевдин  арызын карады. Арыздын мааниси боюнча, жаран Б. Жалгашев 2014-жылы укук корго органдар тарабынан ага карата КР КЖК 299-2 беренеси менен козголгон иши мыйзамсыз болгондугу, ал иш боюнча ага карата Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун актоо өкүмү чыкканын айтты.   Ошо себептен ал реабилитацияга болгон укугун таануу үчүн сотко кайрылганын билдирди.  Мамлекеттик айыптоочу Б. Жалгашевдин арызын колдоду. Соттук коллегия тараптарды угуп, кенешме бөлмөсүндө калышты.  Бөлмөдөн чыгып, Б.Жалгашевдин арызын канаттандыруу боюнча соттук акт кабыл алгандыгын жарыялады.