Ишке калыбына келтируу боюнча доо арыз кайрадан каралууда

добавлен 02 декабря 2020 15:57
просмотров 865

 

 

Бугун 2020-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарынын Ленин райондук соттунда, судья  Ч. Н. Ибраеванын төрагалыгынын алдында Эралиевдин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигине караштуу башталгыч билим берүү агентигинин алдында «Эмгек резервинин» дене-тарбия жана спорт боюнча респуликалык борбордун директорунун ордуна  калыбына келтируу боюнча доо арызы кайрадан каралды. Сот отуруму убагында башталып, төрайым кылычуу тараптардын өздүгүн тактады. Агенттиктин өкүлү келтирилген доо арызга каршы пикирин келтирди жана сот орурумун адвокаттын жоктугуна байланыштуу башка күнгө калтырууну суранды. Судья бул өттүнүч боюнча башка тараптын өкүлдөрүнүн  оюн билип, ага бул иш  биринчи жолу түшкөнүн эске алып сот отурумун кийинкиге калтыруу боюнча чечим кылды. Тараптарга кийинки сот отурумуна ишке байланыштуу документтердин түп нускасын алып келүүнү тапшырды.  Доо арызды кароо 2020-жылдын 7-декабрында уланат.