Айылдык кенештин аракети минтип турса, айыл аймагы кантип онугот?

добавлен 11 июня 2019 12:08
просмотров 1520

 

 

Биздин коомдук кабылдамага Жалал-Абаддан Одушев Урматбек аттуу жеке ишкер келди. Ал 2018 жылы 12 июлда Сузак районунун Ленин Айыл аймагынын чечими менен 50,84 га Сузак районунун Кок-Арт дарыясынын агымынан суунун боюндагы жерди ижарага алат. Максаты ошол сайдын агымын тазалап, суу өз багытында акканына шарт түзүгө алынган. Ижара мөөнөтүү 20 жыл, бир жылдык ижара акысы 50840 сом деп макулдашкан. Айылдык кеңештин 15.02.2017 жылдагы 3 сессиясынын №4 токтомунун № 13 тикемесине ылайык Ленин айылдык кенешинин торагасынын колу жана моору менен жерлерди сатууга, ижарага берууго  комиссиянын 11 адамдан турган курамын бекиткен чечими  бар. 

Бул ишкер, бул жерди ижарага алуу үчүн картасын чийдирип,  уруксатын алып, баардык мыйзамга тиешелүү кадамдарын жасап анан алган. 2018 жылдын 23 октябрында айылдык кеңеш мурунку өз чечимин озунун мурунку чечимдерине каршы болуп Ленин айылдык кенешинини торагасы – М. Кенешбаев мыйзамсыз  токтому  аркылуу Ленин айыл окмотунун № 120    12.07.2018 жылкы чечимин  жокко чыгарып коет. Токтом бул жерде.

Ишкер, айылдык кеңештин токтомун жокко чыгаруу үчүн Жалал-Абад районаралык сотко кайрылып, ошол айылдык кеңештин токтомун  соттун чечими менен жокко чыгат. 

Айылдык кеңештин айрым депутаттары (айылдык кеңештин төрагасы жана эки депутат) бул соттук чечимге ыраазы болбой ишкерди сотко  беришти, тагырак айтканда баягы 2018 жылдагы ишкерге жер ижарага берилсин деген токтомду сот аркылуу жокко чыгарып бер, деп. Ошондо айылдык кеңеш өз токтому менен жокко чыгаруу ишке ашпай калганына байланыштуу, эми сот аркылуу токтомду жокко чыгырыйын деген үмүттө кайра эле район аралык сотко кайрылышты.

11 январь 2019 жылы Жалал-Абад район аралык сотунда, төрага кылуучу Н.К.Каипова Ленин айыл өкмөтүнүн  буйругун жараксыз деп табып берди. Чечим бул жерде. Бул жерде судьяга суроо жаралат: 1) Кыргыз Республикасынын Административдик – процесстик кодексинин 110-беренесине ылайык доо арыз беруу мооноту 3 ай деп белгиленген. Ошол себептен суроо жаралат – “ 29-июнь 2018 жылдагы Ленин айыл кенешинин жер комиссиясынын  50,84 га жерине берген чечимин арадан 6 айга жакын убакыт откондон кийин 17.12.2018 жылкы оздорунун мурунку чечимдерине каршы келген (Айылдык кеңештин 15.02.2017 жылдагы 3 сессиясынын №4 токтомунун № 13 тикемеси)    Ленин айылдык кенешинин моонотун калыбына келтируу женундегу арызын карап аны канатандырууга эмне кызыктар болду?  2) “Кантип айрым депутаттар бул айыл өкмөттүн буйругун жокко чыгаруу боюнча тарап болуп калды жана эмненин негизинде сот  ишти кароого алды жана эмнеге таянып айыл өкмөтүнун буйругун жараксыз деп табып берди?”

25 март 2019 жылы Жалал-Абад облуктук сот курамында: төрага кылуучу А.Ж. Абдраимов, Б.У.Калыков жана Ө.А.Абдразаков бул ишти карап биринчи соттук инстанциянын чечимин жокко чыгарып, айылдык кеңештин доо арызы канаттандыруулудан баш тартылсын деп чечим чыгарышты. Чечим бул жерде.

Эми айылдык кеңеш Жогорку сотко кайрылып бул иш 24 июнда саат 10:30 каралат экен. Повестка бул жерде.

P. S. Эми көзөмөл инстанциясы бул чырга мыйзамдык чекит коюп берерине үмүт артып туралык, андай болбосо ишкерлердин аракетин ким баалап, ким коргойт.