Мулктун ээси .... же жергиликтуу бийликпи???

добавлен 05 апреля 2012 18:58
просмотров 839

 

 

 

Март айында Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына  Баткен облусунун Кызыл-Кия шаарынын тургуну Камчиев Соотбек кайрылган. Ал көп деген сотторого нааразы болуп, айрым соттордун чечимдерине ыразычылыгын билдирүү менен жардам сурап келген.

Иштин  маңызы: Камчиев Соотбек 2006 жылы Мамадиев Абдусаламдан кыймылсыз мүлк сатып алат.

2009 жылы ошол мүлктүн жерин талашып доо арыз менен Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы сотко кайрылат. Алар бул талаш жер мэрияга караштуу деп доо арызында көрсөтүшкөн.

1-ирет соттук териштирүү: 2009 жылы май айында Кызыл-Кыя шаарынын шардык сотунун судьясы Жолдошалиев М.Т. ишти карап мулктун ээсине чечип берген, анткени айыл өкмөтүндө менчике ээлик кылуучу документтери жок болгон.

Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы Аданбаев М., Султаналиев У., Адинаев А. курамында биринчи соттук инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Мыйзамдуу чечим чыгырган сотторго баракелде!!!

 2010 жылдын 25 январында Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Ажибраимова А., Кульматова Д, Бекбоева Д. курамында Баткен облустук сотунун бул иш боюнча токтомун бузуп, кайрадан кассациялык тартипте кароо үчүн ошол эле сотко жиберилет.

Соттук териштирүүнүн артка кетисүү: 2010 жылдын 10 мартында Баткен облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Нарынбекова А., Айжигитов Б., Токтогулова Г. курамында ишти карап талаш жер Кызыл-Кия  шаарынын мэриясынын чегинде жайгашкандыгын аныктоо үчүн жана ушул жер мыйзам негизинде сатылгандыгын аныктоо үчүн Кызыл-Кия шаардык сотуна кароого жиберилсин деп чечим чыгарышкан. 6 август 2009 жылы Кызыл-Кия шаардык сотунун аныктамасын толугу менен бузулсун деп аныкташты.

2-ирет соттук териштирүү: 2010 жылдын 28 майында бул иш кайра 1 инстанцияга Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын шардык сотунун соту Кыдыров К. Ишти терең изилдеп чыгып чечимди ушул жер участоктун ээсине чыгарып, бирок сот отурумуна мэрия тараптан көп киши келип, сотко кысым көрсөтүп өз тарабына чечим чыгартышкан.

2010 жылдын 18 августунда Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы Нарынбекова А., Абдилатов А., Токтогулова Г. курамында Камчиев Соотбеке берилген  мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү Кызыл Кыя шаарынын мэриясынын  арызын канааттандыруусуз калтырылсын деп токтом кабыл алышты. Мыйзамдуу чечим чыгырган сотторго баракелде!!! УРА!!!

2010 жылдын  8 декабрнда Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Ажибраимова А., Кульматова Д., Жаманкулова Б. курамында Баткен облустук сотунун токтомун жокко чыгарып, Камчиевдин мүлктү сатып алган «сатып алуу» келишими  жараксыз деп табылсын деп, токтом кабыл алышты.

Эми айласы кеткен жердин ээси жаңы ачылган жагдайларды дайардап алып кайра Жогорку сотко келип отурат. Жаңы ачылган жагдайга Ноокаттын заготконторасынын юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүн алып келиптир. Ошол документте юридикалык жактын жайгашкан жери жанагы талашып жаткан дарек көрсөтүлүп турат.

P.S. Бул ак ниетт сатып алуучунун укугун ким коргойт???

Система Orphus