Ишти кароосуз калтыруу жонундо аныктама жокко чыгарылды

добавлен 29 июня 2018 10:31
просмотров 1577

 

 

27-июнь 2018-жыл Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А. Рыспекова, доогер Т. Токутакунов менен  жоопкер Б. М. Көбөнованын "Моралдык зыяндын ордун калыбына келтируу жөнүндөгу" жарандык ишин кароо улантылды. Судья соттук отурумду ачык деп жарыялап, тараптын оздугун аныктаган сон, соттук отурумга жоопкер тарап Б. М. Көбөнова келбегенин ырастап өттү.

            Тактап айтканда, өткөндө 2018-жылдын 23-майында болгон соттук отурумга жоопкер келип, доогер келбеген эле.  Судья доогерден келбей калганынын себебин сурады.

Анда, доогер Т. Токутакуновдун атасы М. Сыдыковга мындай деди:" Ошол 23-май күнү мөндүр аралаш жамгыр жаап, үйлөрдү суу каптай баштаганда, МЧС кызматына телефон чалып билдирүү калтырган элем, чалганда бир аял алган... андагы чалуулардын баардыгы диктофонго жазылып калат экен, далилдерди тастыктоочу документ катары сизге жөнөткөн элем". Ошондой эле, доогер 23-майдагы соттун чыгарган аныктамасын жокко чыгаруусун өтүндү.

            Доогер бир жагдайды айтайын деп, сөзүн улады:  Тергөө органдарына ишти тергөө үчүн  мыйзам боюнча 2 ай  мөөнөт берет экен, жакында июль болсо, эки жыл болот. Баардык материялдар даяр турса дагы, эки жыл ичинде кенедей нерсени тергешип сотко жеткирбей, көрүнгөн шылтоолорду айтып журушту, иши кылып карабай коюушту, ушунчалык моролдык жактан басынтышты.  Мен  буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп келдим эле, мынчалык моралдык жактан басынган эмесмин. Жашымдын улуулугун , үй-бүлөлүк абалымды тушунбостон тескери мамиле жасашты",-деди.     М. Сыдыков уулун Т. Токутакуновду тааныштырып, айтып өттү... айтканына конул бурсак, атасы уулунун ден соолугуна байланыштуу тоолуу, бийик  жерлерге чыгарбагыла дегенине байланыштуу, бул жака  (т.а. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун, Баетов айылынан Чуй облусунун Аламедин районуна кочуптур) баарын таштап эки жыл мурун кочуп келгенин, жашаганга мажбур болдук деп айтты.

Судья баарын угуп буткон сон, чечим чыгаруу үчүн кенеш  бөлмөсүнө кетип, беш минутка жетпеген убакытта кайра чыгып, 2018-жылдын 23-майында чыккан  ишти  кароосуз калтыруу жонундогу  аныктаманы жокко чыгарды.

Судья бир тарабы  келбегенине байланыштуу  соттук отурум 2018-жылдын 21-августуна саат 11ге жылдырды.