Кайдан кулак чыгарса казанчынын оз эрки

добавлен 15 мая 2018 17:15
просмотров 2664

 

 

          2018-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаардык сотунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы 299-1 2-б., 299-2 1-б беренелери боюнча С. Базакеевге карата козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Бул сот процессинде соттолуучу акыркы созун суйлогондон кийин соттук коллегия кенешуу болмосуно кирип кетишти.

        Эмесе кылмыш деп каралып жаткан иштин жон-жайы томонкудой:

         Алгач 2018- жылдын 12- февралында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан Базакеев Садыр Максутович, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 229-1 беренесинин 2-болугу, 229-2 беренесинин 1 болугу менен куноолуу деп табылып, 8 (сегиз) жылга эркининен ажыратылган.

         Соттолуучун жактоочусу биринчи инстанциянын окумуно даттануу арызын жазган. Анда жактоочу: «Окумду негизсиз жана мыйзамсыз, анткени Кыргыз Республикасынын КЖК, КЖПК-нин нормалары одоно турдо бузулуп чыгарылган окум» деп эсептейт. Себеби, алдын ала тергоодо эле, 2017- жылдын 28 -августундагы айыпкер катарында жоопко тартуу жонундогу токтомдо, С.Базакеевке карата КР КЖК-нин 299-1- беренесинин 2 -болугу мыйзамсыз, туура эмес квалификацияланып ашыкча угузулган. Корсотулгон берененин 2- болугунун дизпозициясы, мааниси таптакыр башка, ошондуктан эч дал келбейт. КР КЖК 299-1- беренеси - бул улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козготууга багытталган уюшкан иш-аракет, 2- болугу болсо - бул экстремисттик иш-аракет жургузууго, ошондой зле жарандарды алардын ишине тартууга байланыштуу сот тарабынан жойуу же ишине тыйуу салуу жонундо чечим кабыл алынган коомдук бирикменин дана диний уюмдун ишин уюштуруу менен жазалган болуп эсептелет.

         Тергоочу Б.Жыргалбеков С.Базакеев улуттук (этностор аралык) расалык, диний же регион аралык кастыкты козготууга багытталган уюшкан иш-аракети бар жана диний уюмдун ишин уюштурган деп эч бир далилдебестен айыбын угузган. Иш материалдарында бул тууралуу бир да далил жок. Тергоочу 2017- жылдын 23- июнунда Теология экспертизасын дайындоо жонундо токтом чыгарган. Ал токтомдо эки так суроо койгон: 1.  Содержится ли в тексте предоставленных листовках, а также на видео роликах призыв к насильственному захвату власти или насильственные изменения Конституционного строя Кыргызской Республики? 2. А также направлены ли они на возбуждения национальной, расовой или религиозной вражды, путем пропаганды исключительности превосходства либо не полноценности граждан по признаку их отношения к религии?

         Бул токтомго КР Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын башкы адиси Ш.Шерматов ооба же жок деп так жооп бербестен - аталган материалдарда «Хизбут-тахрир» диний экстремисттикуюмуна таандык маалыматтар орун алганы аныкталган деп корутундаган.

       31.01.2018 жылы соттук процессте Ш.Шерматов- «Мен эксперт катары эмес, мен адис катары корутунду чыгарам. Соттук-экспериза жонундо Кыргыз Респубилкасынын Мыйзамына ылайык Адилет Министрлигинен каттоодон откон эмеспиз, сертификатым жок», деп корсотмо берген.

           Адис Ш.Шерматовдун корутундусу мыйзамсыз, ал соттук-эксперт болуп эсептелбейт. Эгер башкы адис Ш.Шерматовду мыйзамдуу соттук- эксперт деп эсептеген куну дагы анын корутундусунда так тергоочуу берген суроолорго жооп болгон эмес. Ошого карабастан тергоочу Б.Жыргалбеков озунун 28.08.2017- жылы айыпкер катарында жоопко тартуу жонундогу токтомунда - « С.Базакеев мамлекеттик тузулушко, коомду болуп жарууга, дин менен саясатты аралаштырып элди жамандыкка туртууго : жана мамлекеттин ичине «Халифат» тургузууга адамдарга ар кандай чакырыктарды таштаган создорду озунун почтасы аркылуу жазып, диний экстремисттик багыттагы ар кандай мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген комментарийлерди жазып, жана аны менен чектелип калбастан ар кандай видео-роликтерге комментарий тартып келген» деп, эч бир таянчуу далили жок, озун ЭКСПЕРТ катары коруп С. Базакеевке айыбын угузган. Бул тууралуу мен 25.01.2018- жылы соттук процессте тергоочу Б. Жыргалбековдон сураганда «кайсы далилге таянып жазганын айтып бералбастан, мага убакыт керек мен даярданып жооп берем» деп соттон эмки процесске чейин деп суранып, кийинки эки процесске келбей, акырында такыр эле жооп бербей койгон.

          Соттук процессте С.Базакеев: «ал видео роликтерди жана башка маалыматтарды мен жуктогон эмесмин, бул «Одноклассники», сайтындагы лентадагы маалыматтар, буларды мен болгону ачып коргом», болжол менен ал почтаны 2014- жылы ачкам деп корсотмо берген.

          Ошондо С. Базакеев бул видео жана маалыматтарды коруп кайсы улуттук (этностор аралык), рассалык, диний же регион аралык кастыкты козготууга багытталган уюшкан иш-аракетти жана диний уюмдун ишин уюштурган? Бул суроого алдын ала тергоодо да, Свердлов райондук сотунда ишти кароодо да жооп бербестен эле С.Базакеевди мыйзамсыз айыптап, куноолуу деп табышкан.

           Ал эми KP КЖК 299-2- беренесинин 1- болугундо корсотулгон кылмышты С. Базакеев жазаган деп эч бир далили жок эле мыйзамсыз айып коюп, аны куноолуу деп табышкан. Тактап айтканда, 2017- жылдын 17- август куну Сокулук районду сотунун токтомунун негизинде С.Базакеев жашаган уйундо тергоочу Б.Жыргалбеков тинтуу жургузуп ар кандай китептер, дептер, брошюра, 9 барак китептин саары ондогу барагын алынып протокол тузулгон. Бул материалдар КР Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынына корутунду чыгаруу учун жиберилгенде, алар мыйзамдуу деп табылган. Тергоочу кандайдыр бир жолдор мечен озу А-4 форматындагы 1 даана баракты кошуп жалаа жаап С.Базакеевти айыптаган??  Ал эми 17.08.2017- жылдын тинтуу пртоколунда, эч бир А-4 форматында 1 даана кагаз табылып алынганы корсотулгон эмес.

           Бул тууралу 30.12.2017 жылда соттук процессте кубо катары тартылган Э.Токтоназаров эч бир А-4 форматындагы бир даана кагаз алынган эместигин жана 9 даана А-4 форматынын жарымындай болгон сары ондогон эски китептин барактары, китептер, дептерлер, брошюра алынганын айтып берген.

          Кийинки соттук процессте кубо- Жакып кызы Ж. дагы эч бир А-4 форматындагы бир даана кагаз алынбаганын тастыктап берген. Болгону 9 даана А-4 форматынын жарымындай болгон эски китептин сары ондогон барактары бар китептер, дептер, брошюра алынгандарын айткан.

           31.01.2018- жылы соттук отурумда тинтууго катышкан ыкчам кызматкер, кубо А.С.Эрмаматов дагы А-4 форматындагы коп кагаз болгонун, бирок ал медицина мазмунундагы кагаздар болгон, 9 даана А-4 форматынын жарымындай болгон сары ондогон эски китептин барактарын озум идиш-аяктардын арасынан тапкам деп тастыктаган.

            31.01.2018- жылы кубо Д.В.Пышкиндагы ушундай эле корсотмо берген. Китептер тууралуу ар биринин башкы барактарында Муфтияттын моору басылган уруксаты бар китептер экенин айткан.

          С.Базакеев алдын ала тергоодо дагы, сотто дагы китептерди базардан сатып алгам, А-4 форматындагы бир даана кагаз кандай келгенин билбейм деп корсотмо берип келген.

          Свердлов райондук соту озунун окумундо куболор Э.Токтоназаров, Жакып кызы Ж., М. У. Чаргынбаевалардын соттон берген корсотмолорун жазбастан аларга баа бербей, тергоодогу сурак протоколдорго шилтеме кылып иш барактарын корсотуп койгон. Жогорудагы куболордун корсотмолорун биринчи инстанциянын соту озунун окумундо коргозбогон.

      Тергоочу Б.Жыргалбеков С.Базакеевге КР КЖК 299-2 беренесинин 1- болугундогу корсотулгон айыпты угузуу учун кылмыш ишин фабрикациялаганы анык болгон. Болгону ушул бир мыйзамсыз кошуп койгон А-4 форматындагы бир даана кагазды далил зат кылып С. Базакеевти мыйзамсыз айыптаган.

          КР КЖПК 81- беренесинин 3- болугуно ылайык бул А-4 форматындагы бир даана кагаз ушул эле Кодекстин талаптарын бузуу жол берилгис саналат, ошол жол менен алынган далилдер юридикалык кучко ээ боло албайт деп табылат жана иш боюнча чечимдин негизине алынышы, ошондой эле ушул Кодекстин 82- беренесинде корсотулгон ар кандай фактыны жана жагдайды далилдоо учун пайдаланышы мумкун эмес.

        КР КЖПК 81- беренесинин 4- болугунун 3- пунктуна ылайык ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган ар кандай башка далилдер жолберилгиз далилдерге кирет.

          КР КЖПК 186- беренесинин 2- болугуно ылайык тинтуу протоколдо бардык алынган буюмзаттар протоколдо алардын санын, ченин, салмагын, жеке белгилерин жана мумкун болушунча наркын так корсотуу менен саналып отууго тийиш.

          Ошондой эле соттук отурумдарда КР КЖПК 186- беренесинин 4- болугу одоно турдо бузулганы аныкталган, протоколдун кочурмосу тергоочу тараптан С.Базакеевге, анын уй-булоо мучолоруно кол койдуруу менен тапшырылган эмес. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун окуму боюнча тинтуу учурунда алынган С.Базакеевге тиешелуу тыйуу салынбаган, муфтияттын уруксаты берилип моор басылган, КР Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясыны тарабынан мыйзамдуу деген, «Ыйык Куран» жана башка китептер, файлга салынган суроолор топтому, брошюра-окум мыйзамдуу кучуно киргенден кийин жок кылынсын деген чечими негизсиз. Ал буюм заттар КР КЖПК 88- беренесинин 2- болугуно ылайык колдонууга тыйуу салынган заттарга кирбейт.

      Мына  куноолонуп жаткан С. Базакеевдин таржымалы ушундай, албетте ал озунун куноосуз экендигин далилдуу фактылар тастыктап берди, бирок шаардык соттун чыгарган окуму кандай болор экен?...

         Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун окумун кучундо калтырды.

 Макаланын аталышы айтып тургандай соттук коллегия кандай жуйоолордун негизинде «казандан кулак чыгарды экен?  Аны ким аныктайт?

 

P.S. Мына Конституцияда ар бир жаранга берилген динди эркин тутуу укугунун кунгой-тескейи, бул жигиттин тагдыры ар бирибизге сабак болчудай. Кылмышка бир чон китеп эле эмес, бир барак кагаздын мазмуну учун да жоопкерчиликке тартылып калышыныз мумкун. Ошол учун, акырында айтарыбыз «абайла балам, абайла!».  Жогоруда озунор байкагандай, сот отурумунда бардык фактылар эске  алынбай калат, эмнегедир бир тараптын жуйоолоруно артыкчылык берилип, экинчи тараптын дооматтарына конул бурулбай кала берет.