Негизги фактылар эмне учун эске алынбай калды?

добавлен 28 марта 2018 15:06
просмотров 1624

 

 

Сот реформасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына Ширдакова Клара Турдукожоевна кайрылган. Кайрылуунун негизги себеби болуп сот органдары аркылуу өз укугун коргой албагандыгына нараазылыгын билдирди. Иштин маңызы: К.Т. Ширдакова  Коомдук теле-радио берүү Корпорациясына,  М.Молдалиевага жана К. Сариевага карата ар-намысты коргоо жана моралдык чыгымды кайтарып берүү жөнүндө доо арыз менен  сотко кайрылган. Арызда 2014-жылы 29- сентябрында, саат 23:20да, КТРдин түз эфири аркылуу "Поэзия кечи” аттуу  акын Т.Мукановду эскерүү боюнча телеберүү тууралуу айтылган. Арыз ээси К.Ширдакова Т. Мукановдун жубайы болот. Ал көрсөтүүдө акындын көп чыгармалары туура эмес бурмаланып окулганын жана К.Т. Ширдакованын апасы жөнүндө да туура эмес маалымат берилгенин белгилейт.  Доо-арыз  бардык соттук кароолордо (Бишкек шаарынын Ленин райондук соту, Бишкек шаардык соту жана Жогорку соттун чечимдери бул жерде) канааттандыруусуз калтырылган.

2014-жылы 29-сентябрда көрсөтүлгөн эскерүү кечесиндеги  кетирилген каталыктар боюнча ошол берүүнүн редактору М.Молдалиевага коллегиянын чечими менен  иштеген ишине  дисциплинардык жаза эскертүү берилгенин, жана ал берүүнү жабуу тууралуу чечим чыкса дагы (КТРКнын жообу бул жерде), бул фактыларды бир дагы   сотто эске алышпаганына К. Ширдакова  кабатырланганын билдирет.