Баткен райондук сотунда кызматтык кылмыштар каралуусу улантууда

добавлен 21 февраля 2018 09:46
просмотров 1639

 

 

       2018-жылдын 19-февраль  куну Баткен райондук сотунда Кыргыз Республикасынын   КЖК  304-берене 2-болум, 315-берене 2-болум, 247-берене 2-болум 1-п менен айыпталуучулар М.Гапыров жана Ж.Абдижапаровторго карата кылмыш ишин кароо улантылды. Сот отурумунда каралуучу иштердин тизмеси илинген. Бул иш жонундо биз мурун жазганбыз. Торайым  А.Эгембердиеванын кароосунда саат 15:00  белгиленген кылмыш иши оз убагында башталган жок. Конвой      соттолуучуларды кечигип алып келгендиктен ишти кароо  саат 15:30  башталды.  Судья сот отуруму ачык деп жарыялап, катчыдан кимдер келгенин сурады. Катчы соттолуучулардын жактоочуры белгисиз себептер менен келбегенин айтты. Судья прокурордон жана соттолуучулардан адвокатсыз ишти карай беребизби деп сурады, бирок соттолуучулар каршы экенин айтышты жана прокурор да  адвокат  болбосо ишти кароого болбойт деп билдирди. Андан кийин судья отунучтор барбы деп сурады. Мамлекеттик айыптоочу Байболсунов тарабынан жазуу жузундо «соттук отурумга торагалык кылуучу судьядан баш тартуу» жонундо отунуч келтирди. Отунуч боюнча соттолуучулардан пикирин сурады, алар каршылыктарын билдиришти. Андан кийин судья кенешме болмосуно кетти. Бир аздан кийин судья келип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 70, 72,73,268- беренелерине таянып, отунуч канааттандырылат деп токтомду угузду.