Пресс- релиз 13.03.2012: Сот системасына тийиштуу негизги мыйзамдар кабыл алынды-кийинки кадам

добавлен 13 марта 2012 11:24
просмотров 792

 

 

 

Катышуучулар: Нурбек Токтакунов – жарандык кеңештин мүчөсү

Мамбетов  Сабыржан – коомду кабылдаманын юристи

Карасартова Рита – жарандык кеңештин координатору

 

Сот системасына тийиштүү  негизги мыйзам актыларына толуктоолор  кабыл алынды, бул толуктоолордун негизинде сотторду тандоодо Президенттин ыйгарым укуктары кеңейди. Бул убакытка чейин сотторду дайындоо Президенттин укуктуу болсо, азыр  бул ыйгарым укуктар президент жана парламенттин ортосунда бөлүнгөн. Айырмасы, мурун сотторду Президент дайындайт жана жоопкерчилик Президенттин мойнунда деп билчу,  азыр болсо сотторду таңдоо жоопкерчилиги “көзкарандысыз” – Соттторду тандоо кеңешине жүктөлгөн, чын-чынына келгенде Жогорку соттун жана Конституция Палатанын сотторун тандоодо   акыркы сөздү КР ЖК депутаттары айтат,жергиликтүү сотторду дайындоодо - КР Президенти. 

Негизинен сот бийлигинин көзкарандысыздыгы –бул, сотторду тандоодо,финансы жактан көзкарандысыздыгы жана башкаруу системасында.Сотторду тандоодо Жарандык коом көздөгөнүнө жеткен жок, финансы жагы дагы бул жылы чечилбейт, (финансы министри сот системасынын капчыгы көбөйбөйт деп жарыялады)жалгыз гана башкаруу системасынын көзкарандысыздыгы жана соттордун өзүн-өзү башкаруусун өнүктүрүү.

Бул система канчалык деңгээлде сот корпусуна  чыныгы жөлөк боло алаарын кийинки иштен байкасак болот. Коомдук кабылдамага Жогорку соттун жеке аныктамасына жана Соттор кеңешиннин чечимине мурунку соттордон даттануу түшкөн,ээлеп турган кызматынан экс-президент Бакиевдин саясий буйрутмасынын негизинде бошотулган.Аларды, кылмышкерлерди соттогону үчүн айыпташкан (кылмышкерлерди мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө токтом чыгарган соттор азыркы убакытта иштеп жатышат), бул сотторго карата Жогорку сот тарабын жеке аныктама чыгарылып, кийинки күнү Соттор кеңеши   шашылыш тартипте чогулуп, ээлеген кызматтарынан бошоткон.Бул окуя  дагы бир жолу далилдеп турат , Президент тарабынан сот бийлик бутактары дайындоо эч качан  көзкарандысыз болгон эмес.

Убакыт өзгөрдү,өлкөнүн жогорку жетекчилери алмашты, эми Соттор кеңеши(даттануу ушул жакка берилген) ошол убакытта соттор саясий басым алдында иштегенин эске алып,мыйзамдуу чечим кабыл ала алат эле.Бирок, Соттор кеңешинин чечими, Жогорку соттун жеке аныктамасынын  негизинде чыгарылгандыгын жана азыркы күндө Жогорку соттун соттору ошол убакытта басым алдына иштегенин жана мыйзамсыз аныктама чыгарганын айтыш керек. Ушундай кадамга бара алышабы? Эгер ушундай кадамга бара алышса, анда соттор корпоративдик кызыкчылыктарга карабастан- объективдүү чечимдерди кабыл алганга даяр. Анда сот системасы көз каранды эмес деген үмүт бар жана  биз жыйынтыгында мыйзамдуу чечимдерди “ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК” принцибин киргизүү менен ишке ашырабыз - үч туура эмес чечим кабыл алса - сот кызматы менен кош айтыш керек болот. Ушундан улам туура эмес кабыл алынган чечимдердин үлүшү кыскарат, анткени ар бир сот өзүнүн чечимин коргойт.

 

Коомдук кабылдаманын дареги: Бишкек шаары, Манас пр,16 ( Москва көчөсүнүн кесилишинде) 102 бөл, тел. (0312) 316232 , E-mail: koom.kg@gmail.com . Веб сайт www.koom.kg

Система Orphus