Соттордон мыйзамдуулукту тапмайын, региондор эч качан онукпойт

добавлен 16 января 2018 14:41
просмотров 2069

 

 

Коомдук кабылдамага Талас облусунан Кара-Буура айылдык аймактын жетекчилери кайрылды. Алар 2013- жылы ушул эле маселе менен кайрылып, соттук ишине байкоо жүргүзүп келгенбиз. Иштиң маңызы.

1995-жылга чейин  азыркы Талас облусунун Кара-Буура айыл аймагында  Кара-Буура колхозу болгон. Ал  ошол жылы өткөн  колхоздун  жалпы чогулушунан кийин экиге бөлүнүп “Кара Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы жана “Ынтымак” дыйкан чарбасы болуп  каттоодон өткөн ( токтом бул жерде тиркелет).

     26.10.1999- жылы Кара- Буура райондук администрациясы № 221- токтому менен “Кара- Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасына 242 га жерди бекитип берген (токтом бул жерде).

     28.07.2000-жылы Талас облусунун арбитраждык соту Талас облустунун социалдык фонду башкармалыгынын арызын канаттандырып “Кара- Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасын кудуретсиз (банкротство) деп табылган ( чечим бул жерде).

7.09.2002- жылы “Кара -Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы менен атайын администратордун ортосунда чарбанын кудуретсиз процедуралары  бүткөндөн кийин, чарбанын калган активин чарбанын жетекчиси А. Кудайбергеновго өткөрүп берип, калган карыздарды жабуу боюнча тынчтык келишим түзүлгөн. Ушул жерде атайын белгилеп кете турган нерсе, активге жер тилкеси кирбейт, анткени  бул жер “Кара- Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасына жогорудагы токтомдун негизинде ижарага берилген болчу.

      Таңгалуу жараткан төмөнкү фактыга көңүл буралы, 28.07.2000-жылы Талас облусунун арбитраждык сотунун аныктамасы менен “Кара-Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы кудуретсиз деп тааныгандан кийин, 2001- жылдын 5-сентябрында  мамлекеттик орган болгон Кара- Буура райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы “Кара- Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасына № 970- сандагы мөөнөтү көрсөтүлбөгөн   мамлекеттик актыны ( серия № 00500 ) мурунку жер аянтыны китепчесин берип жатат.Эң кызыгы,бир мамлекеттик орган кудуретсиз деп  жок кылган үрөнчүлүк дыйкан чарбасын башка орган кайрадан тирилтип жатканында. Райондук каттоо башкармалыгы  эмне документтин негизинде бул мамлекеттик  АКТ  бергенин бүгүн эч ким айта албайт. Кудуретсиз деп табылган “Кара Бураа” үрөнчүлүк дыйкан чарбасына кантип расмий китепче берилгенин эми алдыда териштиребиз, бирок белгилеп  кете турган нерсе, эгер бул үрөнчүлүк дыйкан чарбасы кандай иштеп турса дагы ,күчүнө кирген жаңы Жер кодексине ылайык  2000- жылдан баштап жерди бөлүштүрүү укугу айыл өкмөтүнө өткөн. Ошондон улам  үрөнчүлүк дыйкан чарба  бул жер аянтын менен мыйзамдуу пайдаланууну көздөсө , анда Кара- Буура айыл өкмөтүнө кайрылып, чечим чыгартып, кайрадан каттоодон өтүүсү керек болчу.

“Кара- Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы пайдаланган  242  га жер аянты  АЖМФга  (мурунку аталышы КБФ- орусчасы ФПС) кирет,  демек бул  мамлекетке  тиешелүү жер. Кудуретсиз болуп таанылгандан кийин үрөнчүлүк чарба   АЖМФ жерлерин кайра  мамлекетке кайтарып бериши керек болчу. Эмнегедир кайтарылып жатканда баягы 242 га жердин 170,3 га кайтарылат, а  71,7 га АЖМФнин жери үрөн чарбанын жетекчисинде калып калат?

2010- жылдагы окуялардан кийин, бул жерлерди айылдын элдери басып алып, ушул күнгө чейин пайдаланып келишет. 2011- жылы бул жерлерди  кайра басып алабыз деп жатканда, айыл өкмөтү элдерге тең бөлүштүрүп беришкен.

Бирок, “Кара- Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасынын жетекчиси сотко кайрылып, 2010 -жылдан бери  71,7 га жерди пайдаланбай келгенлигине байланыштуу “ алынбай калган пайдамды айыл өкмөт төлөп берсин”- деп сотко кайрылган.

Сот териштирүүсү:

13.02.2012- жылы Талас областынын райондор аралык соту Бекмурзаев А.Т. бул доо арызды карап,  сот  “Кара- Буура” адистештирилген үрөнчүлүк чарбасына 3884984 (үч миллион сегиз жүз сексен төрт миң тогуз жүз сексен төрт) сом өндүрүлсүн деген чечим чыгарып берет.   Бул жер аянты   “Кара- Буура” үрөнчүлүк дыйкан чарбасына тиешелүү эместигин эске албай  туруп, эмненин  негизинде алынбай калган пайданы өндүрүлсүн дегени түшүнүксүз   (чечим бул жерде).

16.06.2017- жылы Талас облустук сотунун соттук коллегиясынын курамы: төрага Абдиева З.М., судьялар Эстебесов К.К., Жумагулова Ж.Т. бул ишти апелляциялык даттануу ирэтинде карап,  баягы эң маанилүү маселени: жер эмне документтин негизинде “Кара- Буура” адистештирилген үрөнчүлүк чарбасына тийип калганын териштирбей, мурунку  1 соттук инстанция чыгарган чечимди күчүнө калтырып коюшат (чечим бул жерде).

27.09.2017- жылы  КР Жогорку сотунун соттук коллегиясы курамында: төрага Джумашов К.О. судьялар Давлетов А.А., Боронбаева Д.С. көзөмөл ирэтинде бул ишти карап, мурунку  чыккан  биринчи, экинчи соттук инстанциялардын чечимдерин  өзгөрүүсүз калтырышкан ( чечим бул жерде ).

 

      Ушул үч соттук инстанцияда  “Кара- Буура” адистештирилген үрөнчүлүк чарбасы кайсы жылы түптөлгөндүгүн текшерүүгө алүү кыйын беле?  Бул ишкана 2007- жылы юстициядан катталган, анан кантип 1999- жылдын жер алуу боюнча токтомун бетине жаап, 2001- жылы (ошол кезде кудуретсиз деп табылган мөөнөтү болчу) мамлекеттик каттоо китепчесин алганын текшерүүгө албай туруп , алынбай калган пайдасын өндүрүп жатышканы түшүнүксүз.

25 -октябрдан баштап сот териштүүрүнү утуп алган “Кара- Буура” адистештирилген үрөнчүлүк чарбасынын жетекчилиги  Кара- Буура айыл өкмөтүнүн эсептик счетун камакка алып, айыл өкмөт бир дагы финансалык операцияга жасаганга мүмкүнчүлүгү болбой калган.

Ошону менен бирге айтып кетчү нерсе 17.05.2011- жылдан баштап азыркы күнгө чейин Кара- Буура айыл өкмөтү сотко кайрылып, баягы 2001- жылы мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан серия № 00500 сандуу китепчесин жокко чыгаруу аракетин көрүп келет.

13.02.2012- жылы Талас областынын райондор аралык сотунун судьясы Бекмурзаев А.Т. (экинчи жолу)  бул арызды карап, кароосуз калтырылсын деп чечим чыгарып берген .

28.02.2012- жылы Талас областык соту курамында: Ибраимов М.И., Бердикеев Т.Н., Момуналиев А.Ж. бул чечимди апелляциялык даттануу  иретинде карап, 1- соттук инстанциядагы аныктама  толугу менен алынып салынсын деп, ишти 1- соттук инстанцияга карап чыгуусуна жөнөтүлгөн.

12.06.2012- жылы  КР жогорку сотунда, соттун курамында:Арстанбаева Д, Максимбекова Д, Осмоналиев К. көзөмөл иретинде карап, Талас облустук соттун чечимин  күчүнө калтырат (сот чечими бул жерде ) . Ошентип, соттун чечими 1- соттук инстанцияда каралсын деген токтом кабыл алынат.

Бул иш кайра Талас район аралык сотуна барып,  кайрадан (үчүнчү жолу) судья  Бекмурзаев тарабынан  каралып 14.08.2012- жылы “ сот ишин жүргүзүү токтотулсун “ деген  аныктама чыгарат ( аныктама бул жерде).

02.10.2012- жылы Талас областык соту курамында: Кенжешов М., Калиева К., Барыктабасава Э. бул чечимди апелляциялык даттану иретинде карап, 1- соттук инстанциядагы аныктаманы толугу менен алып салып,  ишти 1- соттук инстанцияга кайра карап чыгуусуна жөнөтөт ( чечим бул жерде ).

Эки жолу Жогорку сотко барып кайра келген  бул иш, Талас район аралык сотунда ишти  караганга судья калбагандыктан, иш  Чүй район аралык сотуна жиберилген.

18.01.2013- жылы Чүй район аралык сотунда судья Курманов А.Т. карап, Талас район аралык сотто  иш каралып бүткөнчө токтотулсун деп аныктама чыгарып берет ( чечим бул жерде ).

04.04.2013- жылы Чүй областык сот курамында:Курманбаев Ж., Турумбекова Дж.,Чекирова А. карап 1- соттук инстанциядагы аныктаманы алынып салынсын, иш кайра кароого ошол эле сотко жөнөтүлсүн, деген аныктама чыгарат ( аныктама бул жерде ).

13.10.2016- жылы Чүй областынын райондор аралык сотунун судьясы Осмонова Ш.  ишти карап, укмуштай  чечим чыгарып берет.

      Кара -Буура айыл өкмөтү доо арызында жер аянтын  Кара-Буура үрөн чарбасы кайра кайтарып берүүсү, мамлекеттик каттоо башкармалыгынын  2001- жылы берген серия № 00500 сандуу китепчесин жокко чыгарып берүүсүн жана 1999- жылы № 221- токтомду жокко  чыгарып берүү жөнүндө кайрылышкан. Бирок, Осмонова Ш.    жерди кайра өткөрүп берилишин жана  Кара- Буура айыл өкмөтүнүн берген  доо арызын  канаттандыруусуз калтырылсын, деп чечим чыгарат.  Ал эми  мамлекеттик каттоо башкармалыгынын китепчеси  жана райондук администрациянын токтому тууралуу  эч нерсе айтылбайт, алар жөнүндө эч сөз айтылбай белгисиз  бойдон калат (чечим бул жерде).

06.02.2017- жылы Чүй областык сотунда бул иш апелляция даттануу иретинде каралып, 1- соттук инстанциянын чечими күчүндө калтылырган.

18.09.2017-жылы  КР Жогорку соту курамында: Аманалиева Б., Давлетов А., Джумашов К. көзөмөл иретинде карап чыгып, 1- жана  2- соттук инстанциядагы чыгарылган түшүнүксүз чечимдерди жокко чыгарып, кайра кароого Талас район аралык сотко жиберкен ( чечим бул жерде).

      Эми негизги  шумдуктуу окуялар  Талас райондор аралык сотунда башталыптыр. Баягы 3 негизги талап коюлган кайра кайра жогорку сотко барган иш Таласка келгенде, мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 2001- жылы берилген серия № 00500 сандуу китепчеси жоккоо чыгаруу талабы жана 1999- жылы № 221- Кара-Буура  райондук администрациянын токтому жокко чыгаруу боюнча талабы асманга учуп кеткенби билбейбиз, болгону мамлекеттик АЖМФ фондусунун жерин кайра кайтарылсын деген эле бир талапты карап калышыптыр.

      25.12.2017- жылы Талас район аралык сотунун судьясы Нартаев Н.К. айыл өкмөттүн өкүлү ооруп,ошол себептен  бир соттук отурумга катыша албай калыщса,айыл өкмөттүн доо арызын кароосуз калтырган  аныктамасын чыгарат (аныктама бул жерде).

       Ошентип, шоору шорподой каткан Кара-Буура айыл өкмөтү мамлекеттен мыйзамдуулук  издеп, соттун адилеттүүлүгүнө үмүттөнүп, кептелген туңгуюктан жол табуунун аракетин көрүшүүдө.

          Азыркы учурда Кара-Буура  айыл өкмөтүнүн банктагы эсептик счету камакка алынган,ал сот арылуу утуп алаган  адистештирилген үрөөн чарбанын “ алынбай калган пайдасын төлөп бермейин” ачылбайт.  Таңгалычтуу нерсе, биздин сот органдары  ал жер кантип үрөн чарбага тийгенин, кайсы документтердин жана  мыйзамдын негизинде мамлекеттик каттоо башкармалыгы соттон банкрот деп таанылган  үрөн чарбага пайдаланүүга укук берген китепчени беришгенин, 1999- жылкы  райондук администрациянын токтомун, жаңы Жер кодекси ишке киргенден  кийин  2000- жылдан баштап жерлерди  айыл өкмөтү  бөлүштүрүү укугуна ээ болгонун билбейби  деген суроолор пайда боуп жатат. Же билсе да билмексен болуп коюштубу? Аталган адистештирилген үрөн чарба юстициядан  2007- жылы каттоодон өткөнүн эске ала турган болсок, 1999- жылы чыккан токтомдун, 2001- жылы берилген каттоо китепчеси бул ишканага кандай тиешеси бардыгын сот териштире албай калганбы? Дегеле Кыргызстанда  сапаттуу соттор барбы же баары эле капчык кызыкчылыгын  карап калышканбы?

P.S. Үстүбүздөгү  жылды Кыргыз Республикасынын Президенти “региондорду өнүктүрүү жылы”- деп жарыялады. Ушундай ачыктан ачык жол менен айыл өкмөттүн жерин ээлеп алып,  анысы аз келгенсип ал жерден алынбай калган пайданы өндүрүү боюнча соттон чечим чыгартып алган  бир  жеке ишкер  бир чоң айыл өкмөттүн эсептик счетун камакка алдырып, иштин баардыгын токтотуп турса, аймак өнүгөбү???