Кара-Буура райондук сотунда судья У.Ташматов жазык ишти кароосуна байкоо журду

добавлен 18 сентября 2017 15:15
просмотров 1027

 

 

     2017-жылдын 14-сентябрь күнү Кара-Буура райондук сотунда У.Ташматов карай турган иштердин тизмеси илинген. Жазык иштин каралуусу саат 14:00го коюлган. Байкоочу сот залына тоскоолдуксуз кирип, байкоо жүргүздү.

     Саат 14:36да айыпкерди сот залына алып келишти. Жабырлануучунун кечиккенинен сот отуруму 14:54те башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады. Каралып жаткан ишти тааныштырып, катчыдан“кимдер бар?”деп сурады. Катчы катышуучулардын тизмесин айтты. Төрагалык кылуучу соттолуучунун өздүгүн тактап, сот отурумун курамын жарыялады. Андан кийин катышуучулардын “сотко ишенесиңерби?»деп сурады. Соттолуучунун жана жабырлануучунун укук- милдеттерин түшүндүрдү. Судья “Алдын ала өтүнүч барбы?”деп сурады. Жабырлануучу өзүн тааныштырып,жалган айтпайм деп кол коюпберди. Андан кийин иштин жоо жайы тууралуу айтыпберди.Прокурор тараптан суроо берилгенде, соттолуучу күнөөсүн мойнуна алды. Судья “толуктоо барбы?”деп сурады. Жабырлануучу менен соттолуучуга акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди. Төрагалык кылуучу кеңешүү бөлмөсүнө чыгып, кайра 40 мүнөттөн кийин кирип чечимин окуду жана “10 күндүн ичинде жогорку инстанцияга арыз менен кайрылсаңар болот” деп  сот отурумун жабык деп жариялады.