Талас облусунун райондор аралык сотунун торагасы Т. Ибраимовдун кароосундагы иш, тыныгуудан кийин башка кунго жылдырылды

добавлен 14 сентября 2017 16:16
просмотров 1208

 

 

Талас облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Т. Ибраимовдун  экономикалык ишти кароосу 7-сентябрь, саат 10:00го коюлган.  Саат 9:30 да башталган сот процесси бүтөөрү менен саат 10:22де сот залына доогер тарап менен кызыктар тарап киришти. Аркасынан төрага кирип, сот отурумун ачык деп жарыялады. Карала турган ишти жарыялап, катчыдан келгендерди тактап өздүктөрүн такстыктоочу документтер менен аныктады. “Тараптардан сотко ишенбөөчүлүк барбы?”-деп сурады. Андан соң сот отурумун курамын жарыялап, катышуучулардын укук-милдеттерин түшүндүрдү. “Жоопкер тарап катышпагандыктан, сот отуруму улануусуна макулсуңарбы?”- деп сурады. Кызыктар тарапта маалымат болбогондуктан, иш боюнча кыскача баяндама жасады. Андан соң арыз ээси катары катышкан прокурордун өтүнүчү боюнча, судья 5 мүнөттүк тыныгуу жарыялап,сот залынан чыгып кетти. Келгенде биринчиден каралган ишке материалдын жоктугу жана кызыктар тарап, жоопкер тарап жок сот отуруму улануусуна каршы болгондуктан, каралган экономикалык ишти 13-сентябрга жылдырды. Сот отурумун жабык деп жарыялап, ишке кандай толуктоо керек экенин түшүндүрдү.