Талас облустук сотунда байкоо жургузу улантылууда

добавлен 07 сентября 2017 11:20
просмотров 1432

 

 

2017- жылдын 29- августунда Талас облустук сотунда,  саат 11:00го сатуу- сатып алуу келишимин каттону милдеттендирүү жөнүндөгү иш кароого коюлган. Тараптардын кечиккенине байланыштуу ишти кароо жарым саат кеч башталды. Соттук коллегия залга кирип сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Катчы аркылуу тараптардын өздүктөрүн документ жана ишеним кат аркылуу тактады. Төрагалык кылуучу Токтосун у К. сот курамын жарыялап, тараптардан “соттук курамга ишеним көргөзөсүздөрбү”- деп сурады. Төрагалык кылуучу тараптардын жана алардын өкүлдөрүнүн укук-милдеттерин түшүндүрдү.  Андан кийин төрагалык кылуучу соттук териштирүүнү баштаардын алдында “өтүнүчтөр барбы” деп сурады. Жоопкердин өкүлү жоопкер жүйөлүү себептерден улам келе албай калганын айтып, сот отурумун башка күнгө жылдырып берүүнү суранды. Соттук коллегия өз ордунда кеңешип ишти кароону 11- сентябрь саат 10:00 го жылдырып, кийинки отурумга келбесе жоопкердин катышуусу жок кароого негиз болоорун айтып, сот отурумун жабык деп жарыялады.

2017- жылдын 29- августунда Талас облустук сотунда саат 15:00 го Кылмыш-жаза кодексинин 278- беренесинин 1-, 2- бөлүмү менен айыпталган Чиркеевдин иши кароого коюлган. Бирок сот залына киргенде соттолуучунун жактоочусу келбегенини белгилүү болду. Төрагалык кылуучу М. И. Ибраимов соттолуучудан “авдокаты жок ишти карай берүүгө кандай карайсыз” деп сураганда, соттолуучу каршылыгын билдирди. Төрагалык кылуучу жаңы мыйзамга ылайык соттолуучу “авдокаты жок ишти кароого каршымын” десе анда судья ишти карай албастыгын белгилеп, ишти кароону башка күнгө жылдырды.