Талас облусунун Кара – Буура райондук сотунда 2017- жылдын 16 – августтунда байкоо журду

добавлен 05 сентября 2017 12:26
просмотров 1411

 

 

Каралуучу иштердин тизмелери уч судьянын тең кабинеттеринин эшигинде илинген.

Судья Т. Ахунов саат 11:00го коюлган жарандык ишти сот залында каралды. Судья саат 11:10 до кирип сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Катчы отурумга келген катышуучулар боюнча төрагалык кылуучуга доклад берди. Андан кийин судья сот отурумунун курамын жарыялап, катышуучулардан “сот курамына ишенесиздерби?” -деп сурады. Төрагалык кылуучу тараптардын укук- милдеттерин түшүндүрдүп , ишти баштаар алдында өтүнүчтөрду сурады. Жоопкер тараптын өтүнүчү болуп, сот анын өтүнүчүн канааттандырып, сот отурумун башка кунго жылдырды жана жабык деп жарыялады.                    

Кара – Буура райондук сотунун төрайымы Асель Эсенгулованын саат 11:00го коюлган жазык ишине байкоо жүрдү. Сот процесси арыз ээсин күтүшкөнүнө байланыштуу саат 11:23 тө башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялап, каралган иш боюнча маалымат берди. Катчынын катышуучулар боюнча берген докладынан арыз ээси келбегени белгилүү болду. Судья ишти башка күнгө жылдырды. Төрайымдын саат 14:00 го коюлган жазык иши да конвойлор соттолуучуну алып келбегенине байланыштуу сот отуруму жылдырылды.