2017-жыл, 22-август Сулукту шаардык сотуна байкоо жургузулду

добавлен 29 августа 2017 11:27
просмотров 1280

 

 

2017- жылдын 22-августунда Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотуна байкоо жүргүзүлдү. Сот отурумуна белгиленген иштеринин тизмеси илинген. Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Гуламидин уулу Элчибектин кароосунда саат 11:00го  “юридикалык катталган никени бузуу” жөнүндө жарандык иш белгиленген. Сот отуруму  өз убагында башталып, сот залында өттү. Судья сот отурумунда каралуучу ишти жарыялап, сот отурумуна катышуучуларды катчыдан сурады. Доогер Алимкулова Ж. келди, бирок жоопкер белгисиз себептер менен келген жок  деп билдирди. Судья жоопкер келбегендиктен ишти карай берүү жөнүндө доогердин оюн сурады. Доогер жоопкер келбесе да карап бериниз, ал “Өзүн никени буздуруп ала бер”- деп айтканын билдирди. Судья Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 169-беренесине ылайык ишти карай беребиз деп, каралып жаткан ишти жарыялады, доогердин өздүгүн тактады, укук-милдеттерин түшүндүрдү. Соттук курам менен тааныштырып, өтүнүч, толуктоолор, ишенбөөчүлүк суралды. Андан кийин судья иш боюнча баяндама жасады. Доогерден арызды колдойсузбу деп сурады жана жарыш сөз берди.

Жарыш создо жоопкер: “17 жылдан бери чогуу жашабайт, экөө тен башка турмуш курушкан, ортодо 3 бала бар, экөөсү энесинде, бироо атасында, мүлктук  талаш-тартыш маселе жок” -  деп никени бузууну  сурады. Судья жашыруун бөлмөгө бөлүндү. Бир аздан кийин Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 23-беренесине таянып, нике бузулсун, жоопкерден 1000 сом өлчөмдө соттук жана мамлекеттик чыгым өндүрүлсүн деп аныктама угузду.