2017-жыл 25-август Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузулду

добавлен 28 августа 2017 14:41
просмотров 1348

 

 

2017-жылдын 25-август күнү Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузүлдү. Судьялардын каралуучу иштердин тизмеси илинген.  Судья И.Тажибаевдин кароосундагы саат 11:00 белгиленген  «алименттин өлчөмүн азайтуу» жөнүндөгү жарандык иш тараптар кечигип келгендигине байланыштуу 11:15те башталды. Сот отурумун судья кабинетинде өткөрдү. Каралып жаткан ишти жарыялап, келген катышуучуларды тааныштырууну катчыдан сурады. Укук милдеттерин түшүндүрдү жана өтүнүчтөр барбы деп сурады. Тараптардын өздүгүн тактаган сон, аларга сөз берилди. Доогер 1956 (бир мин тогуз жуз элүү алты) сом өлчөмүндө алимент төлөп жүргөн, аны 800 сомго кыскартууну сураган. Бирок, буга жоопкер макул эмес. Эки тараптын оюн угуп, судья келишип алуу үчүн мүмкүнчүлүк берейин десе макул болушкан жок. Судья жашыруун бөлмөдө калды, бир аз убакыт өткөн соң  өз чечимин угузду. Алименттин өлчөмүн  1500 сомго өзгөрттү жана сот отурумун  жабык деп жарыялады.