Бакай - Ата райондук сотунун судьясы Н. Керималиевге коркутуу аракети жасалды

добавлен 15 августа 2017 15:52
просмотров 1310

 

 

Бүгүн 10-августта саат 11:00до Бакай-Ата райондук сотунда судья Нурмухмет Керималиевдин жарандык  ишти кароосуна байкоо жүргүзүлдү. Каралуучу иштердин тизмеси маалымат тактада илинген. Байкоочунун соттук процесске байкоо жүргүзүүсүнө тоскоолдуктар болгон жок. Биринчи жоопкер тарап менен кызыктар тараптын ишенимдүү өкүлү 11:00до залда олтурушту. 11:17 де доогер тараптын өкүлү келди. Сот отуруму күбө тарапты күткөндүктөн, өз убагында башталган жок. 11:48де күбө тарап келди. 11:58де төрага кирип,сот отурумун ачык деп жарыялады. Бул жарандык сот жылдырылып каралып жүргөндүктөн, тараптарга сөз берилип соттук кароо башталды.  Төрагалык кылуучу сот отурумдун курамын жарыялаган жок жана судья өз алдынча баш тартуу, баш тартуу укуктары боюнча түшүндүргөн жок. Бул иш буга чейин каралгандыгынан тараптардын укук- милдеттери түшүндүрүлгөн жок. Иш каралып жаткан учурда,  төрагалык кылуучунун дарегине коркутуу сөздөрдү айткан тараптардын бирине эскертүү берилди. Андан кийин тараптарга жыйынтыктоо үчүн сөз бергенден соң төрагалык кылуучу кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. Төрагалык кылуучу жарым сааттан кийин кирип сот отурумун башка күнгө жылдыраарын билдирди.