Баткен облусунун райондор аралык сотуна байкоо жургузуу

добавлен 31 июля 2017 13:20
просмотров 1013

 

      2017-жылдын 17 июль куну  Баткен облусунун райондор аралык сотуна байкоо жургузулду. Судья М. Жаманкуловдун каралуучу иштердин тизмеси илинген, ал эми торага Т. Туленбаев эмгек оргууго чыккан.
       Саат 14:00  белгиленген, торагалык кылуучу судья Жаманкулов Мелис Раимбердиевичтин кароосунда экономикалык иш оз убагында башталды, бирок “Ошэлектро” ААК окулу кечигип жаткандыктан, 30 минут тыныгуу жарыялады. Саат 14:30  доогер келип, судья кечиккен тарапка мындан ары кечикпесин эскертип, оз кабинетинде соттук процессти улантты. Кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучу тараптар келгендигин аныктоо учун катчыга соз берди. Доогер “Ошэлектро” ААКунун окулу З. Ганиев келди, ал эми жоопкер И. Алиев белгисиз себептер менен келген жок деп билдирди. Судья соттук курамды жарыялап, укук милдеттерди тушундурду жана отунучтор жонундо  сурады. Доогер “Айыл банктын” окулу З. Г. жоопкер И. Алиев 21,143 сом 17 тыйын карызды толугу менен толоп бергенин айтып, арызды кароосуз калтыруу боюнча жана иштин ичиндеги материалдарды кайра кайтарып беруусун отунуч келтирди. Судья жашыруун болмого болунду жана бир аздан кийин арызды кароосуз калтыруу жонундо чечим чыгарды.