Кошуналар бири- бирине арыз жазышып, экоо тен 15 эсептик корсоткучтор олчомундо мамлекеттин казынасына административдик айып толой турган болушту.

добавлен 25 июля 2017 15:40
просмотров 1352

 

 

Административдик ишти кароо  саат 11:00  коюлган. Тараптар толук келгенде ишти кароо сот залында саат 11:15 башталды. Катчы сот залына киргендерди тактап, күбөлөрдүн бирин иштин материалдарында жоксуз деп залдан чыгарып салды. Судья Ахунов Т. Б. залга кирип сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Биринчи административдик кодексинин 66-10 беренелерине ылайык админстративдик иш каралды. Судья катчынын докладынан кийин катышуучулардын өздүктөрүн тактады да күбөнү чыгып туруусун буйруду. Андан кийин сот отурумун курамын жарыялап “сот курамына ишенесиздерби”?- деп сурады. Торагалык кылуучу укук бузуучунун жана жабырлануучунун укук- милдеттерин түшүндүрүп ишти баштоонун алдында өтүнүчтөрүн сурады. Андан кийин иштин маңызын баяндап, териштирүү бөлүгүнө өтүп укук бузуучуга жана жабырлануучуга сөз берди. Күбөнү чакыртып өздүгүн тактап, иш боюнча сурап, жыйынтыктоо бөлүгүнө өттү. Укук бузуучуга жана жабырлануучуга жыйынтыктоочу сөз берип, кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. Судья 10 мүнөттөн кийин кирип укук бузуучуну күнөлүү деп табып 15 эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө административдик айып төлөтүү токтомун окуду.

            Судья Ахунов Т. Б. биринчи иштин токтомун окугандан кийин “экинчи ишти баштайбыз” деди. Сот отурумун ачык деп жариялап административдик кодекстин 364- беренесине ылайк иш каралаарын жариялады. Эми биринчи иштеги жабырлануучу укук бузуучу катары жана биринчи иштеги укук бузуучу жабырлануучу катары өтөөрүн белгиледи. Тараптардын укук- милдеттерин түшүндүрүп ишти баштоонун алдында өтүнүчтөрдү сурады. Укук бузуучуга жана жабырлануучуга иш боюнча сөз берип суроо аркылуу маалыматтарды тактады. Күбө катары келгенди иш боюнча сурап жыйынтыктого өтүп бирден сөз берип кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. Жыйынтыгында укук бузуучуну күнөлүү деп табып 15 эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө административдик айып салуу токтомун угузду. Ошентип эки тарап тең мамлекеттик бюджетке 15 эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө административдик айып төлөөгө милдетүү болушту.