Талас районунун сотунда иштерди кароо сот залында отуп баштады

добавлен 19 июля 2017 10:10
просмотров 1104

 

 

Талас райондук сотунда каралуучу иштердин тизмелери коридордогу стендте илинген, бирок кайсынысын кайсыл сот карай тургандыгы белгисиз. 2017- жылдын 18- июль күнү Талас райондук сотунун эки судьясына байкоо жүрдү.

Судья  Г. Абылкасымованын жарандык ишти кароосу саат 11:00  сот залында башталды. Сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жариялады. Катчыдан сот отурумуна келгендер боюнча доклад алды. Жоопкер Турцияга кетип калганы жана ата- энеси сотко чакырууну алуудан баш тарканы белгилүү болду.  Андан кийин сот отурумун курамын жариялап доогерден “баш тартуу жокпу?” деп сурады. Доогердин сот отурумунун курамынан баш тартуусу жок деген сөзүнөн кийин анын өздүгүн тактады. Судья доогердин укук милдеттерин түшүндүргөндөн кийин доогерге “жоопкердин так дарегин берүүгө милдеттүүсүз” деп айтты. Андан кийин судья сот отурумун улантуунун кажети жоктугун айтып, ишти кароону 1- август саат 09:00 го жылдырды.

                Судья Н. Калматовдун Жазык ишти кароосу саат 10:00 го коюлган, бирок прокурордун кечигүүсүнө байланыштуу саат 11:54 сот залында башталды. Судья эмне иш каралаарын жариялагандан кийин сот отурумун ачык деп жариялады. Катчынын иш боюнча келгендер тууралуу докладын угуп, катышуучулардын өтүнүчтөрүн сурады жана прокурордун телефон аркылуу суранычы боюнча ишти кароону саат 12:00 го жылдырганбыз деп айтты. Катышуучуларга сот отурумдун курамы жарияланган жок, баш тартуу укугу, укук милдеттери түшүндүрүлгөн жок. Прокурор соттолуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камоону өтүндү. Судья прокурордун өтүнүчү боюнча соттолуучунун жана жабырлануучунун жактоочуларынын ойлорун сурады. Андан кийин судья прокурордун өтүнүчүн канаатандыруусуз калтырып күбөлөрдү мажбырлап алып келүү чечимин айтып ишти кароону 26- июль саат 15:00 го жылдырды.