Баткен райондук сотуна мониторинг

добавлен 19 июля 2017 10:01
просмотров 1112

 

 

       2017-жылдын 14-июль куну Баткен райондук сотуна байкоо жургузулду. Каралуучу иштердин тизмеси илинген.
       Торайым  А. Эгембердиеванын кароосунда саат 14:00  белгиленген кылмыш иши оз убагында башталган жок. Соттолуучу жана анын адвокаты кечигип келип, саат 14:20 гана процесс башталды.   КЖК  212-беренеси  жана 214-беренеси менен айыпталуучу У. Дубанаевге карата кылмыш иши карааларын жарыялап, катышуучуларды аныктады.  Соттолуучуга жана салык кызматынын мыйзамдуу окулунуно оздугун аныктоочу суроолорду берип, укук милдеттерин  тушундурду. Андан кийин отунучтор суралды.  Соттолуучунун адвокаты  кылмыш ишин убактылуу ондуруштон токтотуп туруу жонундо отунуч келтирди. Себеби адвокаттын айтуусу боюнча  бир мезгилде жасаган кылмыш учун эки ирет соттолууга мумкун эмес, бул боюнча кассациялык арыз бергенбиз, каралып буткучо тооктотуп турунуз деп тушундурду. Биринчи угузулган айыптоо кортундусундагы эпизоддор токтом менен кыскартылган, ишмердуулугу текшерууго алынганда башка эпизоддор пайда болгон, кайталанган. Ал эми мамлекеттик айыптоочу далил сураганда, бири-бирин тушунбой копко тартышты. Отунуч боюнча судья жашыруун болмого болунду.  Саат 15:20да судья  кайра келип, ЖПК 246,268-беренелери менен отунуч канаатандыруусуз калтырылды, 339-берене 2-болумго таянып токтом даттанууга жатпайт деп билдирди. Андан кийин мамлекеттик айыптоочу тергоочуну кошумча кубо катары тартуу отунучун келтирди. Адвокат каршымын деди. Торайымдык кылуучу аныктоо, тактоо максатында тергоочуну кубо катары тартууга жайында токтом кылды
Мамлекеттик айыптоочу айыптоо кортундусун окуп берди. Кубо катары тергоочу суралды, оздугун тактап тил катка кол койду. Экинчи кубо келбегендиктен, 27-июль саат 16:00  калтырылды.